Акыркы макалалар

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын татыктуу өткөрүүнү аэропорттон баштоо керек

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында өлкөгө туристтердин келишине шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштар белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Айнуру Алтыбаева быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөрүн эске салып, туристтердин келип, өлкөбүз боюнча жакшы пикирде калышы үчүн аэропорттордо тазалыктын, жагымдуу шарттардын болушу зарылдыгын белгиледи. Ошону менен катар “Манас” аэропортунан шаарга кирүүчү жолдун боюндагы жаңы конуштарга комплекстүү чараларды көрүүнү сунуш кылды.

Мындан сырткары, эл өкүлү Ысык-Көл районундагы Бостери айылындагы шаардын таштанды төгүүчү жайынын абалы боюнча тиешелүү тармактарга кайрылуулардан майнап чыкпай келе жаткандыгын кошумчалады. А.Алтыбаева борбор калаанын чок ортосундагы Эмен паркындагы чакан кафенин ордуна кабаттуу имарат курулуп жатканын айтып, ким тарабынан уруксат берилип жатат деген маселени койду.

Депутат Данияр Аттокуров Ысык-Көлдүн жээгиндеги көл ичине чейин куруп алышкан мончолордун, моторлуу кайыктардын, скутерлердин көлгө, экологияга терс таасирин айтып, бул багыттагы бир нече кайрылууларга бүгүнкү күнгө чейин жооп жоктугуна КР Өкмөтүнүн өкүлүнүн эсине салды.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg