Акыркы макалалар

Чыныбай Турсунбеков атаандаштык негизде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Чыныбай Турсунбеков атаандаштык негизде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков парламенттин төрөгасы болуп шайланды.

Тагыраагы бүгүнкү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар спикерге талапкерлерге жашыруун добуш беришти. Анын жыйынтыгында, төрагалыкка талапкер Ч.Турсунбековго 88 депутат добуш берсе, анын атаандашы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат И.Масалиев 26 гана депутат добуш берген. Ал эми 3 депутат “Баарына каршы” болгон. Ошондой эле, 3 бюллетень жараксыз деп табылды. Шайлоодо жабык добуш берүү үчүн 120 бюллетень даярдалган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg