Акыркы макалалар

Зардалыга айыл статусу берилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Баткен областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мыйзамдын максаты – азыркы калк компактту жайгашкан жерлерди сактап калуу жана туруктуу өнүктүрүү, калктын ички миграциясын азайтуу, , ошондой эле республиканын аракеттеги мыйзамдарына ылайык административдик-аймактык түзмөктү тартипке келтирүү үчүн укуктук негиздерди түзүү болуп эсептелет.

Мыйзам долбоору Баткен облусуна караштуу Зардалы, Бай-Карабак жана Дөбө калктуу конуштарынын жашоочуларынын жыйындарынын бул калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечимдеринин негизинде иштелип чыккан.

Жогоруда аталган калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жергиликтүү коомчулукка жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча, өз кызыкчылыктарына жараша жана өз жоопкерчилиги алдында чечүү боюнча конституциялык укуктарынан пайдаланууга, бул калктуу конуштардын натыйжалуу жана өз алдынча өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндө күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg