Акыркы макалалар

Асхат Акибаев: "Багбанчылык (алма) багытын өнүктүрүүнү максат кылуудабыз"

Асхат Акибаев: "Багбанчылык (алма) багытын өнүктүрүүнү максат кылуудабыз"

24-апрелде Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынын мал базарында “Ысык-Көл Фермерлер фестивалы”,- аталышында айыл чарба багыттында жарманке болуп өттү. Жарменке КРнын Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. Аталган жарманкеге ЖКнын депутаты, Россия менен Казакстандан келген атайын коноктор жана Ысык-Көл облусунун фермерлери жана шаар тургундары катышты.

Жарменкенин жүрүшүндө өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев: “Ысык-Көл обулсундагы фермерлерди ар тараптуу колдоо максатында бүгүнкүдөй жарменкелерди уюштуруп жатабыз. Биз алгач мындай жарманкелерди жыл сайын 1-2 жолу уюштулары деп пландаганбыз. Бирок, бүгүн жарманкеге келип катышкан фермелер менен көрүүчүлөрдүн саны көп болгонун көрүп, мындай жарманкени ар бир квартал сайын уюштурууну ойлоп калдык. Себеби, бул жактан өзүн кызыктырган суроолоруна фермерлер жооп алып жатат жана кызыгуулары да абдан чоң. Мисалы, айыл чарба техникаларын лизингге кандай жолдор аркылуу алууга болорун даналап билип алып жатышат. Ошондой эле, фермерлер асыл тукум мал чарбалары менен таанышып, алардын ичинен асыл тукум малдардын кайсынысын багуу өтө пайдалуу болоору боюнча толук маалымат алышууда. Андан сырткары, биз Ысык-Көл облусу багбанчылык же тактап айтканда алма багытын өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз. Бир сөз менен айтканда бул багытта өзүбүздүн бренд түзөлү деген ойлорубуз бар. Бул боюнча иштер жакында бир жолго салынат. Ошондуктан фермерлер үчүн мындай жарманкелер керек. Анткени, алар бул жактан көптөгөн маалыматтарды алып жатат. Мындан улам жарменкени уюштуруучулардын бири Аскар Жаныбековго рахмат айта кетмекчибиз”,- деп билдирди.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg