Акыркы макалалар

"Ат-Башы жаңылыктары". Алдын алуу - милдетибиз

Ат-Башы районунун аймагында жол коопсуздугун камсыз кылуу багытында, жол кыймылынын коопсуздугун сактоодо үч кызматкер иш алып барышат. Райондун аймагында жалпы автоунаалар жүрүүчү 1405 чакырым жол, анын ичинен 172 чакырым эл аралык, 335 чакырым мамлекеттик, 228 чакырым жергиликтүү маанидеги жана 615 ведомтсволук автоунаа жүрүүчү жол жайгашкан. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун сактоо тобунун кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын тогуз айына карата жол кыймылынын жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыгын алдын алуу, транспорт менен байланышкан кылмышка каршы күрөшүү багытында бир катар иштер аткарылды.

2012-жылдын тогуз айында райондун аймагында жалпы жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузган айдоочулар 1201ди түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20га көп аныкталып, мунун ичинен спирт ичимдигин ичип 58 айдоочу (өткөн жылдан 5ке көп), ылдамдыгын сактабаган 258 айдоочу (өткөн жылдан 136га көп), жол белгилерине баш ийбеген 70 айдоочу (өткөн жылдан 77ге аз), эл тартуунун эрежелерин сактабаган 1 ( былтыркыдан 1ге аз) жана жолдо жүрүүнүн эрежелерин одоно бузгандыктары үчүн 814 айдоочу (өткөн жылдан 43кө аз) катталып, административдик протокол түзүлгөн. Райондук соттун кароосуна 60 административдик материал жиберилип, 57 айдоочуга чара көрүлгөн жана 91500 сом айып өндүрүлгөн. Үч администраативдик материал боюнча 2 айдоочу үч жылга жана бир айдоочу бир жылга автоунаа айдоо укугунан ажыратылган.

Жол тейлөө ДЭП №20 жана ДЭП №957 мекемелерине тиешелүү автожолдорго кароо жүргүзүлүп, жолдордогу чөнөктөргө шагыл толтуруу, автогрейдер менен жолдун үстүңкү бетин кырып, тазалоо, суу түтүктөрүн, жол белгилерин орнотуу, оңдоо боюнча жана ошондой эле автожолдордун абалын жакшыртуу үчүн 32 жолу 64 пункттан турган көрсөтмөлөр берилди, берилген көрсөтмөлөрдү өз убагында аткарылышына көзөмөлдүк кылынды. Мындан сырткары Ат-Башы айылынын ичине белгилерди орнотуу боюнча Ат-Башы айыл округуна жана райондук мамлекеттик администрациясына райондун аймагындагы мектептердин тушуна ылдамдыкты чектөөчү жана атайын паннолорду орнотуу тууралуу эки жолу сунуш киргизилди.

Азыркы мезгилде райондун аймагында жол кырсыгы өсүп жаткандыгына байланыштуу райондун аймагындагы 12 мекеме, ишканага тактап айтканда, жүргүнчүлөрдү ташуучу АО «Ат-Башыавтонун», электр тармактар ишканасынын авточарбаларына комплекстүү текшерүүлөр жүргүзүлдү. ДЭП-20, ДЭП-957 мекемелери тейлеген жолдорго кароо жүргүзүлүп, атайын көрсөтмөлөр берилип, аларды убагында аткарбагандыгы үчүн мекеме жетекчилеринин ар бирине 300 сомдон 600 сомго чейин айып салынды. Ошондой эле автоунааларын техникалык кароодон өткөрбөй рейске чыгаргандыгы үчүн жол тейлөө ишканасынын механигине 200 сомдон айып салынган.

Жаш өспүрүмдөр арасында жол коопсуздугун алдын алуу максатында жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен бирдикте райондун аймагында жайгашкан мектеп окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо боюнча жаңы окуу жылы башталгандан бери райондун 21 орто мектебинде лекциялар, аңгемелешүүлөр өткөрүлдү. Райондун борборундагы Карыбек уулу Акматаалы жана К.Мамбеталиев атындагы орто мектептерде автожолго чукул жайгашкандыктан мектептин туштарына жолдордун үстүңкү бетине жөө адамдар басып өтүүчү атайын жол белгилерин чийдирүүгө көрсөтмөлөр берилсе, мектептердин күн чыгыш, батыш тараптарына «Дети» п.1.21 жол белгилерин орнотулду жана ушундай эле жол белгилерин райондун аймагында жайгашкан ар бир мектептин тушуна орнотуу боюнча жана райондун борборунда жайгашкан «Береке» базарына токтоого тыюу сала турган жол белгилерин орнотуу боюнча сунуш жергиликтүү мамлекеттик администрацияга берилип, бүгүнкү күндө айылда жайгашкан айрым мектептерден башкасына жол белгилери орнотулду.

Райондун аймагындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалына, айрыкча эл ташуучу автоунааларга, «Береке» жана «Ат-Башы» базарларына токтогон автоунааларга текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Ал эми түнкү рейс менен Ат-Башы-Бишкек, Казыбек-Бишкек каттамдары боюнча каттап жаткан автобустарга күнүгө автобекеттен жөнөөр алдында автоунаанын техникалык абалына көзөмөл жүргүзүлүп, айдоочуларга инструктаж берилип, атайын уюштурулган журналга кол койдурулат.

Жүргүзүлгөн иштерге карабастан 9 айдын аралыгында райондун аймагында 14 (өткөн жылы 9) жол кырсыгы катталып, 25 (өткөн жылы 12) адам денесинен жаракат алышып, 5 (өткөн жылы 3) адам каза болгон. Ал эми жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыгы 9 айда үч (өткөн жылы 3), жаракат алганы 2 (өткөн жылы 2) түздү. Азыркы учурда жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу максатында райондук элге билим берүү бөлүмүнө жана мектептерге атайын билдирүүлөр жиберилип, ар бир мектепке кызматкер бөлүнүп, лекция, аңгемелешүүлөр өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун сактоо Башкы башкармалыгынан жана облустук бөлүмү тарабынан бекитилген графиктин негизинде «Переоборудование», «За рулем», «Автобус», «Авторозыск-костоправ» аттуу жана башка операциялар өз убагында өткөрүлүп турулду. Кылмыштын бетин ачууда жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматкерлери тарабынан өз алдынча бир кылмыштын бети ачылып, 9 кылмыштын бетин ачууга катышышкан.

Райондун аймагында учетто турган бардык механикалык автомототранспорт каражаттарын жана чиркегичтерди 2012-2013-жылга карата мамлекеттик техникалык кароодон сапаттуу өткөрүү максатында КРнын Өкмөтүнүн №178 токтомунун негизинде 2012-жылдын 1-майынан Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын №42Б буйругу чыгарылып, комиссиянын составы бекитилген жана райондун аймагындагы мекеме, ишканалардын, дыйкан чарбалардын, бирикмелердин балансында турган автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү графиктери бекитилип, 2012-жылы жеке атуулдарга таандык учетто турган 1210 автоунаанын, ал эми юридикалык жактарга тиешелүү 210 автоунаанын учетто тургандыгы такталып, техникалык кароонун жүрүшү башталды.

Жыйынтыктап айтканда, биздин чакан жамаатыбыз жол кырсыктарын алдын алуу үчүн колдон келген аракеттерин жумшай беришмекчи. Учурдан пайдаланып, алдыда кирип келген милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен кесиптештеримди чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштериндеги ийгиликтерди каалап кетмекчимин.