Акыркы макалалар

Шаар мэринин кубогу =з ээсин тапты

Шаар мэринин кубогу =з ээсин тапты

Бильярд учурда жаш-кары дебей кызыгып ойногон оюндардын бири болуп саналат. Оюндун негизги максаты – кийдин жардамы менен столдун үстүндө чачылган шариктерди уячаларга киргизүү. Бул оюндун бир кызыгына кирип кетсең, баш тартуу кыйын экендиги анык... +тк=н жумада Жалал-Абад шаарындагы «Оомат» бильярд клубунда шаар мэринин кубогунун 2-турнери ойнотулду. Ага мамлекеттик кызматта иштеген бильярд съй=рмандары катышты.

«Бул иш-чара Улуу Же\иш кънънън 68 жылдыгына арналып уюшулду. Ага жергиликтъъ бюджеттен 25 ми\ сом акча каражаты б=лънг=н. Алдынкы ъч орунга мэрдин кубогу ыйгарылды. Аталган оюнга жалпысынан 18 катышуучу ойноду. Оюндун =зг=ч=лъгъ мамекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ойногондугунда болду. Ошондой эле Жалал-Абад облусттук бильярд федерациясы да аталган оюнду =тк=рг=нг= к=м=к к=рг=здъ», - дейт шаар мэринин биринчи вице-мэри Урмат Маматов. Бул оюнда Жалал-Абад шаардык аймактык санитардык эпидемологиялык станциясында программис инженер болуп эмгектенген Мээримбек Абазов мэрдин кубогун же\ип алды. Ага кубок менен катар 5 ми\ сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

Бильярд Азияда жаралганы талашсыз. Бирок ушул күнгө чейин Индияда же Кытайда биринчи ойлонуп табылганы такталбаган бойдон келет. Ал эми бул оюн Европага, атап айтканда, Англия жана Францияга XV-XVI кылымдарда тарала баштаган. Оюндун аталышы туралуу да көптөгөн ойлор бар. Алардын бири боюнча оюндун аталышы "billart" деген француз сөзүнөн алынып, “жыгач таяк” дегенди түшүндүрөт. Башка варианты боюнча, "ball-yerds" деген эки англис сөзүнөн туруп, “топ” жана “таяк” деген маанини берет. Алгачкы бильярд столдору менен учурдагы столдордун айырмасы асман менен жердей. Учурдагы оюндун негизги куралы болгон кий ал учурда жөнөкөй гана таякча болчу. Оюн шариктери болсо пилдин сөөгүнөн жасалып, бир топ эле салмактуу келген.

XVI-XVII кылымдардан баштап бильярд столдоруна өзгөрүү кире баштаган. Шариктер кирүүчү жыртыкчаларга (лузаларга) атайын торчолор тагылат. Стол үстүндө шариктердин жакшы түртүлүп, жылуусу үчүн бильярд столунун четтери каучук менен бекитилип, койдун жүнүнөн жасалган кездеме менен каптала баштаган.

Орусияга бильярдды Батыш Европадан Пётр I алып келген десек болот. Ошол мезгилден тарта бул оюн аябай популярдуулукка жетип, ар бир эс алуу жайдан бильярд столун көрүүгө болот эле. Ал эмес XIX кылымда Орусияда оюндун эрежелери камтылган атайын китепче (автору профессионал бильярдчы Ерыкалов) чыккан. Спорт түрлөрүнүн арасында алгачкы дүйнө чемпиондугу дал ушул бильярд боюнча өткөн (1873). АКШда өткөн ошол тарыхый мелдеште франциялык Гарнье аттуу бильярдчы чемпион аталган.

Кийинчерээк бильярд оюнуна спорттун бир түрү катары маани бериле баштаган. Учурда бильярд сүйүүчүлөрдүн клубдары, “ФИДЕ” – бильярддын иштерин жөнгөсалып туруучу дүйнөлүк федерацияда ачылган. Ал 1998-жылы Япониянын Нагано шаарында уюшулган.

Кенже ТЫНЫМБЕК кызы