Акыркы макалалар

"Ат-Башы жаңылыктары". Карызы бардын – ырысы жок

«Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасы 2012-жылдын 9 айында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча бир катар иштерди аткарууга жетишти. Ишкананын балансында АЧ-10кВ 452,065 км, АЧ-0,4кВ 374,545 км аба чубалгылары бар. Райондо 352 трансформатордук подстанция бар болсо анын 310 даанасы ишкананын балансында, калган 42 даанасы кардарлардыкы болуп саналат. Ат-Башы районунун аймагында бир 110/35/10кВ, 110/10кВ жана алты 35/10кВ көмөк чордону жайгашкан, тейлөө радиусу 400 километрди түзөт. Ак-Сай, Арпа жайлоолорундагы чек ара заставалары да райондук электр тармактар ишканасынын тейлөөсүндө.

Ишканада инвестиция тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп, Бүткүл дүйнөлүк банктын жардамы менен 7 жаңы трансформатордук подстанция келип, жаңы конушка жана жогорку чыңалуудагы подстанциялардын ордуна коюлду. Райондо 9480 жеке кардар жана 422 мекеме, ишканалар менен келишим түзүлүп, жалпысынан 9922 кардарды электр энергиясы менен камсыздайбыз. 2012-жылдын 9 айында районго 58 миллион 676 миң киловатт/саат электр энергиясы берилип, жалпы кором 21,29 пайызды түздү. Элге 31 миллион 207 миң киловатт электр энергиясы сатылса, мекеме, ишканаларга 14 миллион 307 миң киловатт сатылды. Сатылган электр энергиядан чогултулган акча каражаты 36 миллион 641 миң сом болуп, мунун 21 миллион 445 миң сому элдики. Ал эми мекеме, ишканалардан 15 миллион 196 миң сом түшүп, товардык продукциядан 95 жана элдики 98 пайызды түздү. 2012-жылдын 9 айында жалпы дебитордук карыз элдики-4 миллион 143 миң сомду, мекеме, ишканалардыкы-4 миллион 701 миң сом. Ал эми өткөн жылга салыштырмалуу жалпы дебитордук карыз 59,4 пайызга кемиген.

Сатылган электр энергиянын жана андан келип түшкөн акча каражатын тактоо жана кардарлар менен эсептешүү автоматташтырылган. Азыркы учурда кардарларга жана мекеме, ишканаларга эсеп-билдирме 100 пайызга таркатылып турат. Электр энергиясынын кардарлар тарабынан уурдалышын азайтуу жана төлөмдөрдү жогорулатуу максатында ай сайын кезексиз рейддер жүргүзүлүп турат. Коммерциялык жоготууларды азайтууда 1409 электр эсептегич сыртка чыгарылып, кардарларга коюлуп берилди. Бүгүнкү күндө Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Кара-Тал айылдарына коюлуп жатат. Сатуу бөлүмү боюнча айтсак, дебитордук карызын кыянаттык менен төлөбөгөн мекеме, ишканалар жана жеке кардарлар кездешет. Алсак, «Ак-Сай» кафеси 15235, «Дордой» спорт комплекси 6688, «Азем» кичи ишканасы 5302, «Алахун ордо» соода борбору 38700, «Кошой Коргон» музейи 14759, Баш-Кайыңды айылындагы «Кадыр Ата» дүкөнү 11036 сом ишканага карыз. Ал эми жеке кардарлардан Осмонов Талант 12260, Карыбеков Тилек 11332, М.Табылдиев 10249, Т.Ноорузбаев 7465, Исакбаев Опон 4576, Ж.Ильязова 3211 сомду төкпөй келе жатышат.

Учурда кышкы от жагуу мезгили келгендиктен трансформатордук подстанциялар күйүп иштен чыгып калбаш үчүн эртең мененки жана кечки жогорку чек убактысында электр энергиясын үнөмдүү пайдаланып, электр от казандарды өчүрүп турууңуздарды жана ар бир айга пайдаланган электр энергиясынын акчасын өз убагында төлөп берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

А.Аалиев, Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасынын акими