Акыркы макалалар

“Ысык-Көл жана анын атуулдары” аттуу видеосынак жарыяланды

Ысык-Көл облусунда “Ысык-Көл жана анын атуулдары” деген аталышта кыска метраждуу тасмаларды жана видеороликтерди тартуу боюнча кароо-сынак жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, сынак быйылкы тарых жана маданият жылына карата Ысык-Көл жергесинен чыккан белгилүү инсандардын асыл ойлорун, накыл кептерин жаштарга жеткирүү, касиеттүү көлдү даңазалоо максатында өткөрүлөт.

Кароо-сынакты уюштуруу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Сынакка келип түшкөн материалдар жумушчу топтун сунушу менен облустук телеберүү компаниясы аркылуу көрсөтүлөт. Сынактын байге фонду азырынча аныктала элек.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg