Акыркы макалалар

YouTube каналынан 250 доллардан миң долларга чейин акча тапса болот

YouTube каналынан 250 доллардан миң долларга чейин акча тапса болот

Жүктөлгөн видеоңуз миллион жолу көрүлсө Кыргызстандын рыногунда 250-300 долларга чейин акча түшөт. Эгер англис тилинде болсо миң долларга чейин тапса болот. Кыргызстанда интернет менен бизнес кылууга кызыккан жаштар бар, аларга жол көрсөтүү керек. Ишкерлер да интернет жарнамасын колдонууга өтүүсү абзел.

“Кабар даамында” программасында интернет аркылуу бизнес кылуу, ютубтан акча табуунун жолдору тууралуу маек курдук. Студиябызга интернет менен бизнес кылган ютубчулар Курман Жолдошев жана Алмазбек Темирбаев келишти.

Ютубтан акча табууну билесизби?

Курман Жолдошев: Кызыгуу болсо эле, интернеттен акча табуунун жолу көп. 21-кылым маалымат кылымы болуп жаткандыктан ушул багытта өнүгүүлөр өтө чоң болуп жатат. Анын стандарттык ойлонуудан башкача, өзүнчө базары, өзүнчө дүйнөсү бар. Ошол эле убакта эркин, чоң базар болуп эсептелет. Сайттар, жергиликтүү жарнама берүүчүлөр менен ютуб аркылуу бизнес жүргүзсө болот. Биз дагы ютуб аркылуу иштеп жатабыз. Бүт дүйнөгө ачылууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Мурда сайт менен иштечүбүз. 2014-жылы Орусияда кризис болуп, рублдин баасы эки эсеге көтөрүлүп кеткенде кирешебиз өтө төмөндөп кетти. Андан кийин башка жолун издөөгө аракет кылдык. Ютуб менен бизнес кылууну чечип, бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп келебиз.

Жакында эле ютубта акча табуу боюнча семинар өттүк. Азыр биздин жаштар интернетти көп колдонушат бирок жөн эле көрүүчү катары эмес, акча табууну да билишсин деген максатыбыз бар. Аларга жол көрсөтүп, жардам керек болсо беребиз. Туура эмес кесип тандап алып, убакытты өткөрүп жүргөндөн көрө пайдалуу нерсе кылып, акча тапса болот.

Интеллектуалдык товарларды сатып акча табыңыз

Алмазбек Темирбаев: Ютубка видео жасап, жүктөп коебуз. Ютубтун өзүнүн системасы боюнча жарнамалардан түшкөн акчаны видео жасагандарга таратып берет. Бизден талап кылынганы жакшы, сапаттуу видео жасап жүктөө гана керек. Дагы бир жагы, көрүүчү жумуштан чарчап келип ютубка киргенде кайсы бир видеону көрүп, ошол каналда кармап калуучу кызыктуу видеолор болушу керек. Ютуб гуглга байланышкан. Мисалы, сиз гуглдан кофе издеген болсоңуз, ютуб аны эстеп калат. Ютубту ачып бир видеону көрүп жаткан кезде, видеонун жанында ошол темадагы жарнамаларды сунуштайт. Жарнамалардан келген акчаны видео жасагандарга төлөп берет. Биз да азыр ушундай жол менен иштейбиз.

Мен мурда сайттарды жасап сатчумун. Мындан башка да жолдору көп. Жалпы айтканда интернетти да бир базар катары көрсөңүз болот. Бирок интернетте интеллектуалдык товарлар сатылат. Мисалы, мен жакында эле өзүм жасаган видеого музыка заказ кылдым, ал музыканы атайын жасап сата турчу сайт бар экен. Румынияда отурган бирөөдөн эч кандай тоскоолдуксуз эле сатып алдым. Интернеттин жакшы жагы, физикалык тоскоолдуктарга туш болбой товарыңды сатып, ала аласың.

Биз дароо эле англис тилинде видео чыгарган үчүн чоң базарга кире алдык

Курман Жолдошев: Биздин видеолор Америка рыногунда кирешелүү болуп жатат. Андан тышкары жүздөй мамлекетке чыга алабыз. Азырынча кыргызча виделорду жасай элекпиз, алдыда пландарыбыз бар. Бирок Кыргызстанда активдүү интернет колдонуучулар эң көп дегенде 200 миңди түзөт. Видеолор орус тилинде болсо КМШны каптай алабыз. Биз дароо эле англис тилинде видео чыгарган үчүн чоң базарга кире алдык.

Интернетте бизнес кылууну мен Дордой базарында товар сатуу менен салыштырып койом. Болгону ютубта товар сатуунун орду бекер, көп иштөө гана талап кылынат. Эгер адам көп болгон жерден товар сатып киреше көрөм десеңиз, сапаттуу видео жасап, көбүрөөк иштеңиз.

Сапаттуу видеого киреше көп түшөт

Күнүнө канча акча таба аласың? Мисалы, Дордойдо байпак сатсаң, ага кошумча башка кийимдерди да сатып түрүн көбөйтсөңүз акчасы да көбөйөт. Бирок ошол эле товарлар менен Жалал-Абаддын бир айылында болсоңуз, ал жерде күнү-түнү иштесеңиз да калкы азыраак болгон үчүн кардарларыңыз аз болот. Ошол күчтү келип Дордойдо жумшасаңыз, он эсе көп кардарга ээ болосуз.

Негизги максатыбыз, бир жылдан бери ютубтун башка функцияларын да үйрөнүп эксперименттерди жасап жатабыз. Азырынча жаш балдарга арналган роликтер, анимацияларды алабыз. Өздөштүрүп, ошол программа менен иштегендердин сабактарын көрөбүз. 2D, 3D анимацияларын жасайбыз. Пародия тартабыз, стоп моушен анимациясынын түрлөрүн жасайбыз. Жергиликтүү режиссерлорго заказ беребиз. Андан тышкары, чет мамлекеттен аткаруучуларды издейбиз. Жалпы айтканда кайсы бир нерсе "трендке" киргенде ошону жасап баштайбыз.

Миллион жолу көрүлгөн видеого Кыргызстандын базарында 250 доллар түшөт, англис тилинде болсо миң доллардын тегерегинде

Балдар темасынан тышкары нерсе жасайм дегендер үчүн тамашалуу видеолор бар. Эң көп көрүлгөн жүз каналдын ичинде көп көрүүлөрдү тамаша иретиндеги видеолор алат. Мындай статистиканы Орусиянын бир сайты чыгарып, тематикасына жараша бөлөт. Чындыгында элдер иштен чарчап келгенде эс алууну каалап ,күлүп маанайын көтөргүсү келет. Ошондо ютубка кирип жаңы тамашаларды издешет.

Акча маселеси ар бир эле адамдын кызыкчылыгы болот. Биз да башында акчасына кызыкканбыз. Азыр ишибиз өзү кызыктуу. Видео бир миллион жолу көрүлсө ага жалпы эсеп менен Кыргызстандын базарында 250 доллар түшөт. Орусча рынокто, 500 доллар, англисче сүйлөгөн видеодо убактысына жараша жана миң доллардын айланасында акча түшөт.

Видеону көргөндөрдөн акча түшүп туруусу үчүн атайын функциясы бар, аны күйгүзбөсө жөн эле көрүлө берет. Акча түшүү функциясын күйгүзгөндө бир жолу көрүлгөндө эле акча түшө баштайт.

Ютубка видео коюу үчүн катталуу керек. Өзүнүн аккаунтун жарнамалык системага байланыштырып койгондо акча табуу мүмкүнчүлүгү ачылат, жарнамадан түшкөн акча ошол системага түшө берет. Бишкектеги банктар аркылуу өздүк эсепке которуп алса болот. Каналды алгач англис тилинде ачуу жакшы. Себеби аны көрсөтүү Америкадан башталат. Дагы жакшыраагы патент ачып алса, иши оңоюраак жүрүшөт.

Кыргызстанда интернет жарнамасы колдонулбайт

Кыргызстанда ишкерлер азыркы күндө да көчөлөргө жарнамаларды беришет. Азыр өнүккөн өлкөлөрдө көчөдө чоң баннер асып иштебей калышкан. Мисалы, фейсбук социалдык тармагында да кайсы бир жарнаманы ким көрүүсүн, канча жаштагылар көрүүсүн тандап көрсөтсөңүз болот. Интернет жарнамасын колдонгон фирмалар да жок. Негизи биздин өлкөдө интернет жакшы жайыла элек. Алыскы аймактарда жокко эсе. Ошол себептен да интернеттен акча тапса болоорун билишпейт. Ишкерлерге да жарнама берүүгө тиешелүү курстар бар.

Өлкөдө ютубта иштеген жаш авторлор жок

Кыргызстанда пилоттук түрдө ачылган да бир-эки канал бар. Ал эми ютубка кирген кыргыздардын 85 пайызын мигранттар түзөт, көбүнчө клиптер, кинолор, анча-мынча тамашалар көрүлөт. Бирок жаш авторлор жок. Алар эмнени тартса болот? Мисалы, көчөгө чыгып эле тамашалуу видеолорду тартышса да кызыктуу.

Чет өлкөлүк бир видео көрүп калдым, көчөдө телефон аркылуу тартылган экен. Ал видеодо жолдон өтүп бараткандардан Япониянын кайсы жакта жайгашкандыгы тууралуу суралган. Ар кандай жооптор берилген, күлкүлүүсү да бар. Ушул сыяктуу майда-барат видеолорду тартып сала бериш керек. Көрүүчү аз болсо да базар ачык, талап бар. Бизде жаш авторлор ушуну жасабайт.

Санжар Калматай деген колдонуучу бар. Бирок ал автордук видеосун чыгарбайт. Теледен жаздырып, аны оңдоп ана интернетке жүктөйт. Каналы жабылып калып, кайра ачып иштеп жатат.

Байланышуу үчүн фейсбуктан Youtube Bishkek баракчасына жазсаңыздар болот.

Автор: Бахар Хакимова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg