Акыркы макалалар

Токтогулда сугат жана суу маселесин чечиш керек

Токтогул районунда эң көйгөйлүү болгон сугат жана таза суу маселесин чечүү керек.

Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Торомаматов Токтогул районуна иш сапары менен барып, эки күндөн бери райондун алыскы айыл өкмөттөрүндөгү социалдык объектилер менен таанышып, эл менен жолугушууларды өткөргөн кезде маалым болду. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ж.Торомаматов алгач иш сапарын Үч-Терек айыл өкмөтүнөн баштап, ал жердеги жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселелерин укту. Аны чечүү үчүн тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Андан кийин, Токтогул шаарчасында, Ичке-Сай, Өзгөрүш, Терек-Суу, Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүндө болду. Эл менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар эң көйгөйлүү болгон сугат жана таза суу маселесин чечүү керектигин баса белгилешти.

«Айдоо аянттарына сугат суу жетишпейт экен. Насостук станцияларынын кээ бирлеринин эскилиги жетип калыптыр. Ошолорду толук ишке киргизүү керектиги боюнча райондун жетекчилигине тапшырма берди. Терек-Суу айыл өкмөтүндөгү №14-Жоомарт мектебинин ремонту начар экен. Полдору чириген, класстары тар. Мындан 2 жыл мурда жаңы мектептин пайдубалы курулуп, азыр каражат жок токтоп калган. Бул мектептин оңдоо иштерин жакшылап бүтүрүү боюнча Ж.Торомаматов тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди»,-дейт басма сөз кызматы.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

17.05.2013, 319