Акыркы макалалар

Кара-Балтада текстиль фабрикасы ачылат

Кара-Балтада текстиль фабрикасы ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бейшемби күнү парламенттеги өкмөт саатында билдирди.

«Мурда Ошто эки ири текстиль фабрикалары бар эле: «Текстилчи» жана ХБК. Учурда алардын биринин ордунда базар турат. Экинчисинин ордунда – жеке үйлөр. Эми биздин пахтачылар пахтасын Орусияга экспорттоп жатышат. Бизде болсо чийки зат бар – пахта жана жип, кездемелерге муктаждык. Жабдуунун баасы 2-5 млн. сом. Бул бюджет үчүн анча көп деле акча эмес», - деп кайрылды премьерге эл өкүлү Тынчтык Шайназаров.

Темир Сариев, учурда айыл-чарба министрлиги «Пахта» программасынын үстүнөн иштеп жаткандыгын, анда уруктан кайра өндүрүүгө чейинки жаңы өндүрүштүн баардык этаптары каралгандыгын жооп кылды.

«Алгачкы кадамдар бар, Кара-Балтада текстиль фабрикасы ачылат. Ал эми Ош боюнча караш керек, калыбына келтире алабызбы, жокпу», - деди премьер-министр.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg