Акыркы макалалар

Кыргызстандын көз боочулары Болгарияда өткөн “Таланттар шоусу” сынагында жакшы баага татышты

Кыргызстандын көз боочулары Болгарияда өткөн “Таланттар шоусу” сынагында жакшы баага татышты

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында көз боочу Радислав Сафин билдирди.

“20-мартта Болгарияда “Таланттар шоусу” сынагы өттү. Ага Европа өлкөлөрүнөн ырчылар, бийчилер көз боочулар келип катышты. Ал эми Борбор Азиядан Ольга Камер экөөбүз гана катыштык. Ага жалпысынан 2000дин тегерегиндеги катышуучулардын арызы келип түшкөн. Анын ичинен 10 күн бою тандоо туру жүрүп, 40 катышуучу тандалып алынды. Тандоо турунан өткөндүгүбүз үчүн абдан кубандык. Бул сынакка катышуу биз үчүн чоң жетишкендик”,-деди Р.Сафин.

“10-апрелде жарым финалдын жыйынтыгы чыгат. Аны чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Биз жарым финалга өттүк деп ишенебиз. Анткени, бизге калыстар тобунун бардыгы максималдуу бааларын берип жатышты. Ал эми жарым финал май айында, финал болсо июнь айында өтөт”,-деп кошумчалады ал.

Р.Сафиндин айтымында бул сынак алгачкы жолку сынак эмес. Мындай сынактарга 4 жылдан бери катышып келе жатышат. Буга чейин дагы бир топ өлкөгө барып, Кыргызстандын атын, маданиятын таанытып келишкен.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg