Акыркы макалалар

Тажикстанда кальянга тыюу салынат

Тажикстанда кальянга тыюу салынат

Тажикстанда кальянга тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги өкмөткө жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Анда Тажикстанда тамеки заттары менен катар эле кальянды колдонууга жана жарнамалоого чектөө киргизүү сунушталган.

Демилге учурда өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн. Эгерде долбоор бекитилсе, коомдук жайларда кальянды колдонууга жана жарнамалоого чектөө киргизилет. Тажикстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Навруз Жаъфаров бул долбоор аркылуу тамеки заттарын, анын ичинде кальянды колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатышканын билдирди.

Тажикстанда акыркы мезгилде кальян өтө популярдуу. Айрым ресторандар аны каалоочуларга кеңири сунуштап жатат. Кальянда тамеки аралашмасы, чөптөр менен алкоголдун бир нече түрү, ошондой эле жыт берүүчү заттар пайдаланылат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg