Акыркы макалалар

Чынарбек Жолдошев: “Кочкор райондук мамадминистрациясына маданий мурастарды сактоо тууралуу билдирүү жөнөттүк”

Чынарбек Жолдошев: “Кочкор райондук мамадминистрациясына маданий мурастарды сактоо тууралуу билдирүү жөнөттүк”

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев билдирди.

“Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнөн 4-5 км алыстыктагы Көк-Таш аймагында жер алдында көмүлүп калган шаарды мыйзамсыз казып жатат деген маалымат бизге түшөөрү менен бул багытта өзүбүздүн иш аракеттерибизди жүргүзүп баштаганбыз. Мындайча айтканда аталган жай жаңы табылган тарыхий мурас объектилердин катарында бар. Бирок, аталган жайды мыйзамсыз казып жаткандыгы боюнча далилдүү факты жок болгондуктан, биз алдыда мындай иштер болбошу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кат жөнөттүк.

Тактап айтканда, обладминистрацияга, райондук администрацияга жана жергиликтүү айыл өкмөтүнө жаңы табылган тарыхый мурас объектилерин туура пайдалануу жана алардын сакталышын камсыз кылуу иштерин токтоосуз аткаруу жөнүндө билдирүү жөнөттүк. Ошондой эле, аталган жайды мыйзамсыз казуу иштерин көзөмөлдөө жүргүзгөнгө жергиликтүү бийлик жана эл өздөрү кызыктар болушу керек . Анткени, тарыхый жайларды мыйзамсыз казуу иштерин токтотууга алардын салымы чоң болот. Мындан улам биз кайрылып кетет элек, жергиликтүү эл өзүнүн аймагындагы тарыхий жайларга кызыктар болуп, чочун адамдар мындай тарыхий жайга эмне максатта келгендигин сурап коюшса жакшы болот.

Эгерде кимдир бирөөлөр тарыхий жайларды мыйзамсыз казып жаткан болсо, анда жергиликтүү укук коргоо органдарына, райондордогу маданият бөлүмүнө жана маданият министрлигине кайрылса болот. Ошондо биз тарыхый жайларды мыйзамсыз казып жаткан адамдарга чара колдонот элек”,- дейт Ч.Жолдошев.

“Бул жай жаңы табылган уникалдуу объект. Ошондуктан илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен дагы жаңы ачылыштар болушу толук мүмкүн. Анткени, жердин астындагы бышкан кыштан салынган жайлардын бири болуп эсептелет. Бул тарыхий жайды туура пайдаланып, тарыхыбызды байытсак жана аталган жайды туризмди өнүктүрүү максаттында пайдалансак, анда келечектүү жайлардын бири болот десек болот. Ошондой эле, аталган жайга окшош объектилерди илимий изилдөө жагына жана аларды элге жеткизүү жагын караштырып, бул үчүн демөөрчүлөрдү караштырып жатабыз”,- кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, тарыхчы Кайырбек Коңурбаев Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Көк-Таш аймагында жер алдында калган Баласагын шаары учурда мыйзамсыз казылып, имараттарынын кыштары тонолуп жатат деп билдиргенин жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg