Акыркы макалалар

Нарындын Миң-Булак айылындагы дүкөндөрдө ичкилик сатылбай турган болду

Нарындын Миң-Булак айылындагы дүкөндөрдө ичкилик сатылбай турган болду

9-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылынын көпчүлүк жашоочулары демилге көтөрүп, айылдагы дүкөндөрдө ичкилик сатууну токтотуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу облустук казыяттын маалымат кызматы билдирди.

Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев атайын Миң-Булак айылына барып, жакшы саамалыкты баштаган элге ыраазычылык жана ичкилик сатууну такыр токтоткон дүкөн ээлерине казыяттын атынан ыраазычылык баракчасын тапшырып, баарына пайдалуу кеп-кеңештерин айтып, өтө ыраазы болгондугун, мындай жакшы саамалыктар башка айылдарга да жугуштуу болсо экендигин айтып өттү.

Бул чакан айылда 160 түтүн эл жашайт. Айыл Нарын шаарынан 25 чакырым алыстыкта түндүгүндө жайгашкан.

Эскерте кетсек, буга чейин алты ай мурун Ат-Башы районунун Бирлик айылында да ичкилик сатуу такыр токтотулган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg