Акыркы макалалар

Чаткалда малдар үч борбордо жасалма уруктандырылат

Чаткалда малдар үч борбордо жасалма уруктандырылат

Жаз алдында Чаткал районунда малды жасалма уруктандыруучу үч борбор ачылды. Бул жөнүндө Чаткал райондук ветеринардык көзөмөл борборунун башчысы Жунусбек Жолдошев маалымдады.

- Быйыл Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык жасалма уруктандыруучу борборлорду ачуубуз абзел эле. Ошентип, районубуздагы Каныш-Кыя, Чаткал жана Терек-Сай айыл өкмөттөрүндө мындай борборлор ишке киришти. Ушул тапта эл арасынджа түшүндүрүү жараяны күчөтүлдү. Мунун негизги максаты — асыл тукумдуу малдын санын көбөйтүү, - дейт Чаткал райондук ветеринардык көзөмөл борборунун башчысы Жунусбек Жолдошев.

Жунусбек Жолдошевдин айтымында, аталган борборлор үмүттү актаса, булл тажрыйба башка айыл өкмөттөрүнө дагы жайылтылат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Түп нускага шилтеме : aimak.kg