Акыркы макалалар

Улуу Жеңишке салымын кошкон

Быйыл Совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңишине 68 жыл толот. Ошол каргашалуу согушта боору бүтүн бир да үй-бүлө калган эмес. Менин чоң атам (автор) Алмакунов Султан инилери; Алмакунов Асек, Апаев Асанбай, Апаев Сагын, Апаев Чыдыман, өзүнүн уулу Алмакунов Токтобай менен алты адам согушка аттанып, ошолордон Апаев Чыдыман менен Алмакунов Токтобай Жеңиш менен элине аман келишкен. Калган төрт бир тууган Улуу Жеңиш үчүн душман менен салгылашып, согуш талаасында курман болушуп, бөтөн жердин топурагын түбөлүккө жай кылышкан...

...Чоң атам Алмакунов Султан 1905-жылы Ат-Башынын Баш-Кайыңды чөлкөмүндөгү "Алмакун жайлоо" деген жайлоодо төрөлүптүр. 1930-жылы коллективдүү чарбага кирип, колхозчу болгон. Эр эңиш, Көк бөрү, Ордо оюндарынын ышкыбосу болуптур. Жыйырма жашынан эле ат үстүндөгү Улуттук оюндарда алдына киши салбай, балбандыгы, шамдагайлыгы, ыкчылдыгы, чертмекчи-мыкчегерлиги менен эл оозуна алынып, Чоң Алак аталып кетиптир.

...1935-жылы Кыргыз Республикасында коллективдештирүүнүн (кыштактарды салып, отурукташтыруунун) аяктагандыгына байланыштуу Фрунзе шаарында кыргыз элинин улуттук ат оюндары өткөрүлөт. Ошол салтанатта Султан (Чоң Алак) эр эңишке түшүп, атаандашын аттан алып түшөт. Жаш жигиттин ашкере балбандыгын баалаган жетекчилик Султанга бир күлүк атты байгеге берген экен...

...-Кышкысын ордо оюндары Чоң Алаксыз өтүүчү эмес,- деп өз убагында ачкайыңдылык Аалы уулу Термечик аксакалдын эскергени бар. –Мен азыркы Баш-Кайыңдыда "Чоң Дөбө" колхозунун башкармасымын. Кышкысын Нарынга Тынымсейиттерге, Куланакка Чоролорго барып ордо ойноп келчибүз. Чоң Алак опсуз шадылуу жигит эле. Ат-Башы Нарындан Чоң Алактай мыкчегер, чертмекчини көрө алганым жок. Мен топ бузчумун. Чоң Алакка тоорумак, кадамак даярдап берчүбүз. Ал ичке түштү дегиче оюндун бүткөнү ошол. Чүкөнү ханы менен айдап чыкчу... Кайран жигитти соолгон Согуш жоготподубу...

... Алмакунов Султан 1941-жылы 14-августа 36 жашында аскерге чакырылган. Ленинград фронтунда генерал М.Н.Духанов командачылык кылган 62-армиядагы 40-аткычтар корпусунда катардагы жоокер кызматын аткарат. Султан чоң атамдын фронттон жазган үч-төрт каты сакталып калган. 1942-жылдын декабрь айында латын алфавити менен жазылган катында; "...Ат-Башылык Мамбетакун, Султангазы деген жигиттер менен бир ротадамын. Фашисттерди кубалап, Ленинградды курчоодон куткарганы жатабыз. Немистен эки жолу "Тил" кармап келдим",-деп жазган экен. Бул акыркы каты болсо керек. Себеби, 1943-жылы жай айларынды Алмакунов Султандын курман болгондугун кабарлаган. "Кара кагаз" келгендигин Султандын жеңеси Үмүт чоң энебиз айтып калчу.

...Кийинчерээк чоң атамдын дарегин билмекке борбордук архивдерге кайрылып кат жолдодум. 1988-жылы архивден "...Рядовой Алмакунов Султан-1905г.р. Киргиз. Призван в 1941г.., погиб в бою 5 марта в 1943г. похоронен в д.Заговка Старорусского р-на Ленинградской области,"-деген маалымат алдым...

Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондорго Ат-Башы айылына тургузулган эстеликте чоң атам Алмакунов Султандын да аты-жөнү ташка чегилип жазылып турат.

"Эгер менин эркимде болсо, Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгон ар бир жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген наамды ыйгараар элем,"- деп Грузин жазуучусу Лениндик сыйлыктын лауреаты Нодар Думбадце айткандай Ат-Башы районунан аттанып, Гитлердик Фашизмди талкалоодо курман болушкан Ат-Башыда тургузулган эстеликке аттары жазылган 1483 эр-азаматтардын бардыгын Советтер Союзунун Баатыры деп сезем... Ооба, баатыр десек артыкбаш болбойт. Алар ага татыктуу.

Адамзаттын тарыхында 9-май-даңазалуу Жеңиш Күнү. Бул майрам майрамдардын Улуусу, ыйыгы. Анткени эли-жери үчүн Советтик 27 миллион адамдын өмүрлөрү ушул Улуу Жеңиш үчүн кыйылган. Улуу күндө Улуу Муундарга башымды ийип, таазим кылып, мындан жетимиш жыл мурда Согуш талаасында баатырдык менен курман болгон чоң атам Алмакунов Султандын арбагына багыштап ушул макаланы жаздым.

Тынчтык Султанов