Акыркы макалалар

Ысык - Көлдөгү кир суулар көлгө куюлбайт

Ысык - Көлдөгү кир суулар көлгө куюлбайт

Айрым бир маалымат булактарында Каракол шаарынын пайдаланылган суулары 25 жылдан бери агып кирип жатат деген маалымат чыккан. Бул маалымат туура эместигин КРнын Ысык – Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басраы Улан Маликов тастыктады:

“Бизде Каракол шаарында таза суу боюнча иштер жүрүп жатат. Тактап кетчү нерсе, Каракол шаарынан чыккан ыплас суулар эч качан көлүбүзгө куюлбайт Себеби, Ак – Суу районунун Бөрү – Баш аймагына жакын жайгашкан жерде Каракол шаардык суу түтүктөр ишканасы 22 млн куб суу бата турган суу тазалоочу жер бар. Ал жерде суу тазаланат. Бирок, союз убагындай деңгээлде эмес. 50 % тазаланып, андан кийин Караколдун таза суусу менен 50 % кошулуп, Бөру – Баш айылындагы үлүш жерлердин сугатына кетет”, - дейт.

Быйыл Ысык – Көл облусунун канализациялык түйүндөрдү курууга жана оңдоого жалпысынан 30 млн сом каралган.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg