Акыркы макалалар

Онлайн карта жарандарга Ош шаарынын муниципалдык кызматтарынын ишине баа берүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктү түзөт

Онлайн карта жарандарга Ош шаарынын муниципалдык кызматтарынын ишине баа берүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктү түзөт

4-февралдан тартып иштей баштаган “Ош шаарынын калкынын кайрылууларынын онлайн картасы” (http://map.oshcity.kg/) жарандарга муниципалдык кызматтардын ишине байкоо жүргүзүү жана баа берүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктү түзөт. Ойлайн картаны Ош шаарынын мэриясы менен “Youth of Osh” коомдук бирикмеси биргелешип ишке киргизишти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун менеджери Бегимай Бекболотованын айтуусу боюнча,

карта колдонуучулар үчүн абдан жөнөкөй жана түшүнүктүү. Бардык белгиленген проблемалар картадан чыгат.

“Сайт аркылуу тургундар кайрылуусу кайсы мекемеге тиешелүү экендигин тандап, атайын форманы толтуруу менен билдирүүнү оңой эле жөнөтсө болот. Сиздин кайрылууңуз бир эле учурда тиешелүү муниципалдык ишканага да, мэрияга да келип түшөт. Кайрылууңуз кайсы ишканага багытталды жана ал ишкана жооп бердиби муну Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы көзөмөлдөп турат. Жооп эки жуманын ичинде түшүүсү керек, андай болбогон учурда сиздин тиешелүү органдарга кайрылууга укугуңуз бар”,-деди Б.Бекболотова.

Кайрылуулардын картасы “8х13” долбоорунун (8 муниципалдык кызмат көрсөтүү, 13 аймактык кеңеш) алкагында ишке киргизилди, ал Оштун жергиликтүү бийлик органдарынын ачык-айкындуулугун илгерилетүүгө жана алардын тургундар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган. Негизги көңүл “Тазалык” муниципалдык кызматынын жана коомдук транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын арттырууга бурулууда.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg