Акыркы макалалар

Жалал-Абаддагы автобекетте интернеттен бекер пайдаланса болот

Жалал-Абад шаарындагы автобекетте акысыз интернет коюлду. Бул тууралуу автобекеттин жетекчилиги билдирди.

Автобекеттин директору Азамат Эшматовдун айтымында, жүргүнчүлөргө карата жагымдуу шарттар жаратуу жагынан бир топ иштер аткарылган.

“Биз жүргүнчүлөргө дагы да жакшы шарттарды түзүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн көзөмөл камералары орнотулду, жүргүнчүлөр үчүн акысыз интернет берилип жатат. Айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөсү жана эне-бала үчүн заманбап бөлмөлөр уюштурулган. Тендерден уткан жүргүнчү ташуучу ишканалар менен тыгыз байланышта иштешип, келишимдик милдеттерди аткарып жатабыз. Автобекеттин айланысындагы майда соода-сатык жүргүзгөн ишкерлер менен биргеликте ишкананын айлана-чөйрөсүн жакшыртуу боюнча тынымсыз иштер жүрүүдө”,-деди ал.

Азыр автобекетте жүргүнчүлөргө билет сатуучу 5 кызматкер, 2 диспетчер, эсепчи жана ишкананын жетекчиси болуп, ар улуттун өкүлдөрүнөн турган 11 кызматкер эмгектенишет.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg