Акыркы макалалар

КСДП “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкууга алышты

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев (КСДП фракциясы) Ош шаарында КСДП фракциясынын коомдук кабылдамасында шайлоочуларды кабыл алгандыгын маалымдады.

Депутаттын айтымында, шайлоочулар автоунаалар менен туракжайларды камсыздандыруу маселеси боюнча бир катар суроолор менен кайрылышкан. Мындан сырткары, бала бакчалардын, мектептердеги китептердин жетишсиздиги, жол, электр кубаты, таза суу маселелери көтөрүлгөн. Депутат А.Нурбаев шайлоочулар көтөргөн маселелердин ичинен билим берүү тармагындагы көйгөйлөргөкөңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, дал ушул билим берүү тармагына көңүл бурган мамлекеттер өнүгүү жолунда.

“Ошондон улам, депутат Жанар Акаев менен бирге Ош шаарындагы билим берүү тармагынын кызматкерлери менен “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкууга алып, долбоор тууралуу мугалимдеринин пикирлерин уктук”,- деген депутат бул багытта көбүрөөк иш алпарууну көздөп жатканын айтты. Талкууда мугалимдер менен тарбиячылар турак жай үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси боюнча да бир катар сунуштар айтылгандыгын билдирди. Алардын бири ипотека менен берилүүчү үйлөргө алдын ала 30 пайыз каражат эмес 10 пайыз каражат төлөө мүмкүнчүлүгү суралууда. Анткени, мугалимдердин эмгек акысы үйдүн 30 пайызын төлөгөнгө жетпейт.

“Бул багытта биз шаардык кеңешке кайрылабыз”,- дейт депутат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg