Акыркы макалалар

Кара-Кечеде Жылуулук борбору курулат

Кара-Кечеге жылуулук борборун куруу зор маанилүү иш-чара. Себеби жыл сайын анда электр энергиясы жетишсиз болууда. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 2 миллиард киловатт сааттан ашык электр энергиясы дефицит болууда. Шаарларда ири имараттар түшүп жатат, аны менен электр колдонуу да көбөйүүдө. Ошондой эле, адистердин пикиринде 10жылдын ичинде Кыргызстанда кар, жаандын жаашы азаят. Суунун көлөмү кыскарат.

Мына ушул себептерден улам апрель айында Коргоо кеңешинде Президент, Кара-Кечеге жылуулук борборун куруу зарылдыгын айткан. Буга премьер-министр да маани берип, бир жума мурун көрүп келди. Эгер ал жылуулук борбору иштеп калса жетишсиз энергия камсыздалып, сыртка сатууга да жетет. Анткени Датка-Кемин аркылуу андан ары CASA-1000 долбоорунун алкагында Түркменистан, Ооганстан, Пакистанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Азыркы тапта долбоордун кагаздары өкмөт тарабынан ирээттелип чыкты. Бул долбоордун алкагында ТЭЦ салынып, көмүр казылып, темир жол да салынат. Изилдеп көрсөк Монголияда ушундай долбоор иштеп, темир жол да курулган экен. Азыр эксперттер чакырылып, тендер өткөрүүгө аракеттер жасалууда, дейт "Кыргызкөмүр" ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов.

Анын алкагында Балыкчы-Кара-Кече маршруту боюнча темир жол да курулат. Учурда буга кызыккан бир катар инвесторлор бар.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg