Акыркы макалалар

Директор Б.Султангазиева:”Аялдардагы рак шишигин дарылоо маселеси жакында чечилет”

Директор Б.Султангазиева:”Аялдардагы рак шишигин дарылоо маселеси жакында чечилет”

Улуттук онкологиялык борбордун радиогинекология бөлүмүндөгү жатындын рак шишигин дарылоо маселеси жакын арада чечилип калат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук онкология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева билдирди.

“Улуттук онкологиялык борбордун радиогинекология бөлүмүндөгү жатындын рак шишигин дарылай турган радионур аппаратынын бирөө 2013-жылы бузулуп калгандыгына байланыштуу, аталган аппарат бүгүнкү күндө да иштебей турат. Тактап айтканда, аталган аппарат иштейт, бирок жатындын ичине нур берүүчү аппараты иштебей калган. Анткени, бул аппараттын эскилиги жеткен. Россиядан чыккан “Агат” аталган бул аппарат 1981-жылы Улуттук онкология борборуна алынып келинген. Учурда бул аппараттын жаңысынын баасы 500 миң АКШ доллары турат”,- дейт Б.Султангазиева.

“Ошондой эле рак шишигин дарылай турган радионур аппаратына жакын арада ээ болуп калабыз деп жатабыз. Анткени, бул маселени өкмөт башчы өз көзөмөлүнө алды. Ошондой эле башка жаңы аппараттарды сатып алганга аракеттерди көрүүдөбүз”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, жатындын рак шишигин дарылай турган радионур аппарат иштебегендиктен, бейтаптар Казакстан жана Орусия сыяктуу коңшу өлкөлөргө ири каражат коротуп барып келишке мажбур болуп жаткандыгы тууралуу ЖМКларда сөз болууда.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg