Акыркы макалалар

«Электрондук саламаттык сактоо программасынын алкагында, электрондук медициналык карта ишке кирет»

«Электрондук саламаттык сактоо программасынын алкагында, электрондук медициналык карта ишке кирет»

Бул тууралуу 15-январда, Өкмөттүн жыйынында Премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Колдонуудагы саламаттык сактоо системасын модернизациялоо жана 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана саламаттык сактоону реформалоонун “Ден соолук” улуттук программасын ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүү максатында республикада электрондук саламаттык сактоону түзүү боюнча даярдык иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«Бул программаны ишке ашырууда, борбордогу ооруканаларда бейтаптардын диагнозу тууралуу маалыматты аймактардагы дарыгерлер көрүп, анын кийинки ден соолугуна кам көрүшү керек. Мындан улам, система бардык аймактар менен электрондук багытта байланыштыруу зарыл»,- деди Темир Сариев.

Ошондой эле, Өкмөт башчы бейтаптардын электрондук медициналык картасын ишке киргизүү боюнча азыр көрсөтүлө турган пилоттун жыйынтыктарынын негизинде аны мындан ары жайылтуу үчүн тиешелүү чечим кабыл алуу керектигин кошумчалады.

Саламаттык сактоо уюмдарында пациенттин электрондук медициналык картасын ишке киргизүү электрондук саламаттык сактоо системасын жайылтуу үчүн биринчи кадам болуп саналат. Аны иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук Башкаруу борбору менен иштерди координациялоо үчүн тыгыз аракеттенүү камсыз кылынат.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg