Акыркы макалалар

Лейлекте жаңы радиостанция ишке кирет

Лейлекте жаңы радиостанция ишке кирет

16-январдан тарта Баткен облусунун Лейлек районунда “Ариет” радиосу ободо жаңыра баштайт. РадиомFM 88.00 жыштыгында тартат. Радиостанция эркин жана көз карандысыз болгондуктан, эфирдин негизги бөлүгүндө жаштардын учурагы маанилүү маселелери каралат.

“ Ариет” радиосу 13 000 ашык калкы бар Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Достук, Арка, Борбордук жана Жаштык аймактарын өзүнө камтыйт деп баса белгилейт, Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгемназаров.

“Ариет” холдингинин командасы, угуучуларына Баткен өрөөнүнүн тарыхында калуучу эң кызык радио-долбоорлор менен адаттан тыш программаларды тартуулоого сөз берет. Мындай маалыматты Жаштарды колдоо институтунан Азамат Султаналиев билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg