Акыркы макалалар

Жалал-Абадда ВИЧ илдетин жуктурган балдар көбөйдү

Жалал-Абад облусу боюнча ВИЧ илдетине кабылган 74 бала бар. Мындай маалыматты СПИДди алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча облустук борбордун директору Элмира Сатарова ” билдирди.

Былтыр жети баладан иммундук таңсыктык вирусу (ВИЧ) аныкталган. 2014-жылы болсо, бул илдетке төрт бала чалдыккан.. Өткөн жылы жалпысы 90дон ашуун жаран бул илдетке чалдыкканы аныкталса, алардын көпчүлүгү эркектер. Илдет мигранттардын арасында көп катталууда.

Жалал-Абадда 716 ВИЧ оорусуна кабылгандардын 164ү каза болгон.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg