Акыркы макалалар

2016-жылы жаңы гаджеттердин кандай түрлөрү сатыкка чыгат?

2016-жылы жаңы гаджеттердин кандай түрлөрү сатыкка чыгат?

2016-жылда жаңы гаджеттердин кандай түрлөрү колдонууга сунулат? Технологиялык жаңылыктарга сереп салсак, бул жылы Apple жана Samsung, GoPro компаниялары өздөрүнүн жаңы гаджеттери тууралуу жаңылыктарды чыгарып, бул жылы мурдагыдан өзгөчө товарлар болооруна ынандырууда. Ал эми Oculus — VR-көз айнектерин сатыкка чыгарат.

iPhone 7

Apple компаниясы бул жылы 4,7-дюймдагы "iPhone 7" жана "iPhone 7 Plus" (5,5 дюйм) смартфондорун сатыкка чыгарат. iPhone 7" тууралуу футуролог Мин Чи Куонун мурда айткан божомолдору да бул маалыматка дал келүүдө. Жаңы смартфондун өзгөчөлүгү мурдагы моделдерге караганда дагы да ичке болот. Тактап айтканда калындыгы 1 миллиметрге ичкерет.

Galaxy S7

"Galaxy S7" смартофону да ушул жылы өз күйөрмандарына сунушталат. Бирок технологиялык жаңылыктарда айтылгандай, смартфондун сырткы түзүлүшү көп өзгөрбөйт. Бирок экраны OLED-экран болоору болжолдонгон. Ал эми смартфондордун презентациясы жакын аралыкта болуп калуусу мүмкүн.

Oculus Rift

Oculus компаниясы ушул жылдын биринчи кварталында Rift моделиндеги көз айнектерди сатыкка чыгарат. “Акылдуу көз айнектер” 3D-үн алгычы менен өзгөчөлөнөт. Мындай инновациялык өзгөлүктөгү гаджеттин баасы кеминде 350 доллар болоору күтүлүп жатат.

Surface Phone

Microsoft компаниясы Surface линиясы менен өткөн жылы ноутбуктарды чыгарган. Surface Book линиясына улай, ушул жылы Surface Phone смартфонун да чыгарганы турушат.

Surface Phone айырмачылыгын карасак ага Intel процессору орнотулаары күтүлүп жатат. Ал эми ал өз колдонуучуларына ушул жылдын жарымынан соң сунушталышы мүмкүн.

Автор: Орозгүл Арстанова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg