Акыркы макалалар

Партиялаштарым менин кетишиме бир аз нааразы болушту - Сапарбаев

Партиялаштарым менин кетишиме бир аз нааразы болушту. Мындай пикирин КирТАГга депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырган Жоомарт Сапарбаев дүйшөмбү күнү билдирди.

«Мен финансылык-чарбачылык мүнөздөгү өз иштерим менен алектенгим келет. Мындай чечимге оңой келген жокмун, мен орунга байлангандардан эмесмин. Партиялаштарым менин чечимиме нааразы көз карашта калышты, бирок, мен партиядан кетип калган жокмун», - деди Ж. Сапарбаев.

Анын айтымында, арыз бүгүнкү күн менен жазылган. Ж. Сапарбаев бешинчи чакырылыштагы депутат болгон, ошондой эле «Ата Мекендин» партиялык тизмеси боюнча алтынчы чакырылышка депутат болуп шайланып келген.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg