Акыркы макалалар

Алтындай убакыттын бир сааты

Алтындай убакыттын бир сааты

Демейдегидей эле ишинен чарчап-чаалыгып, үйүнө кеч кайткан Сүйүн эшигинин босогосунда мелтиреп күтүп отурган 5 жашар уулун көрдү.

- Атаке, сизден бир нерсе сурасам болобу? – деди иймене.

- Албетте, уулум, сурай кой. Эмне талабың бар?

- Атаке, сиз бир саатта канча сом табасыз?

- Уулум, аны сен эмне кыласың? Сага эмне кереги бар анын? – деди ачууланып.

- Жөн эле, ата. Жөн эле билгем билгим келген. Айтсаңыз ата, саатына канча сом табасыз? - деди өжөрлөнө.

- Эми саатына 60 сом табам дейли. Андан эмне болуп кетти?

- Ата, сиз мага 40 сом карыз берип тура аласызбы? – деди муңайган көздөрүн акырын көтөрүп.

- Атаңдын гана оозун урайын, сен муну кайдагы бир келесоонун оюнчугун сатып алыш үчүн сурадыңбы? Көзүмө көрүнбөй бөлмөңдү көздөй жогол да, тезирээк жатып укта! – деп буркан-шаркан түшүп кетти атасы.

- Ушундай да өзүмчүл болот экен ээ, тообо! Мен күнү бою ушуларды багам деп тынбай иштеп, эсим ооп келип атсам, сен көк мээ немедей болуп ар кайсыны сүйлөйсүң, – деди.

Бала өзүнүн бөлмөсүнө акырын кирип, ичинен эшикти жаап алды. Ал эми атасы болсо бир топко чейин кыжырланып сүйлөнүп жүрдү. “Өй, мунун менин канча табарым менен иши канча?! Дагы акча сурап коёт...”, - деп өзүнчө эле туталанды.

Бирок канча бир убакыт өткөндөн кийин жини тарап, акыл калчап отуруп, уулунун көңүлүн оорутканына өзүн жемеледи . “Балким, ал маанилүү бир нерсе сатып алгысы келип жаткандыр. Атасын оозун урайын, 40 сом баламан айлансын. Ушунча болуп ал менден бир тыйын сурап көрө элек. Каап, баламдын назарын бекер сындырып албадымбы”, - деп уулунун бөлмөсүнө баш багат. Кирсе, баласы төшөккө кирип, чүмкөнүп жаткан экен.

- Уулум, сен уктай элексиңби? - деди акырын.

- Жок, ата. Жөн эле ойлонуп жатам, – деди күнөөлүү немедей, жүзүн жууркандан акырын кылтыйтып.

- Уулум бүгүн менин жумушум абдан оор болуп, башым ооруду. Мен сени бөөдө эле жемелеп койдум. Атаңды кечирип кой, садагаң кетейин. Мынакей, сен сураган 40 сом. Каалаган нерсенди апаңа алдырып ал, – деди.

Бала керебетине ыңгайлашып отуруп, бактылуу жылмайып:

- Атаке, ырахмат! – деп сүйүнгөнүнөн бөлмөнү жаңыртты. Андан кийин жаздыгынын астынан бир нече бырышкан кагаз акчаны сууруп чыгып, санап туруп атасын жалжылдай карады.

- Ээ, балам, сен акчаң бар туруп, менден дагы сураганың кандай? - деп атасы түктүйө түштү.

- Бул акча жетпей жаткан ата. Мына эми сиз берген акчаны кошкондо жете турган болду. Атаке, мына бул жерде туура 60 сом бар. Ушул акчага сиздин убактыңыздын бир саатын сатып алсам болобу? Эртең жумушуңуздан бир саат эртерээк келип, кечки тамакты чогуу жейличи, атаке, – деди.

Балаң сенин наамыңа чаң жугузбайт

Айталы дегенибиз, оомалуу-төкмөлүү бул жалган дүйнөдөн кайсы күнү өтүп кетерибизди бир Алла Таала билер. Дегиңкиси, иш деп жүрүп, көр тирилик деп жүрүп, биздин эң жакын адамдарыбызга - ата-энебизге, үй-бүлөбүзгө, балдарыбызга көңүл бурганга чамабыз азыраак калып барат. Өмүрүң өтүп кеткен соң, сенин бул дүйнөдө болуп-болбогонуң, жашап-жашабаганың билинбей да калар. Бирок сенин наамыңды алып жүргөн, сенин атыңа чаң жугузбай турган, материалдык жактан, руханий жактан да сенин санжыраңды улоочу – сенин урпактарың калат эмеспи. Бул дүйнөгө эч ким түркүк болгон эмес, болбойт дагы. Убакыт-сааты келгенде узаарыңды унутпа. Дыйкан талаага сепкен уругунан сапаттуу, мол түшүм алгысы келет. Анын сыңарындай, абалтан эле кыргызда аа дүйнөгө узаган киши тууралуу: “Бул адам кандай киши эле? Өмүр сапарын кандай өткөрдү? Артында калган тукуму кандай чыкты?” - деген сыяктуу соболдорду ташташат. “Балдары да атасындай болуп, мыкты чыгышыптыр” деген сөз кандай жакшы сөз. Ошентсе да, элибизде “Жамандан жаан, жакшыдан мөөн” деген да макал бар. Жаман атанын балдары жакшы чыгышы мүмкүн, жакшы атанын балдары начар чыгып калышы да мүмкүн.

Балдардын көпчүлүгү кароосуз

Эртең менен мектепке кетти деген балдардын айрымдары күнү бою ар кандай компьютердик оюндарда отурабы, таңдан-кечке мээсин болор-болбос нерсеге толтуруп жүрөбү, же туура эмес ойлордун туткуну болуп жүрөбү, аны ким билет? Кароосуздук, кайдыгерлик эртеңки улут келечегине балта чаппайбы. Жаш жеткинчектерди бала бакчагабы, же мектепкеби, же лицейгеби, айтор түрдүү окуу жайга жайгаштырып коюу менен эле маселе чечилет деп ойлойсузбу, урматтуу ата-эне? Балалуу болуп, ата-эне бактысына ээ болуу менен сиздин алдыңызда кандай зор милдет жүктөлгөнүн билесизби? Эртеңки күндүн ээлеринин келечеги кимибиздин жоопкерчилигибизде? Тал-терек, бакты-даракты башынан кандай отургузсаң, ошондой өсөт. Түз тигилген бак көктү чапчып өсөт. Кыйшык тигилген бак кыйшык өсүп, көрксүз болгону аз келгенсип, курулуш материалына да жарабай калат. Болгону отунга жарап, күйүп бүткөндөн кийин күлү көккө сапырылып кетет. “Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону кылат” деген накыл сөз бар. Учурда үй-бүлө институтунда да көйгөй жараткан көп маселе бар. Жетишпеген турмуш социалдык маселелерди жаратууда. Үй-бүлөдө ким көп акча тапса, ошол “чемпион” болуп жаткан кез. Ал үйдөгү эң кадырлуу адам болуп саналат. Айрым эси жок аялдар күйөөсүнүн үй-бүлө башчысы деген статусун балдарынын алдында түшүрүп, кадырын кетирип жатат. Ошондон улам коомубузда “атанын тарбиясы” деген түшүнүк жоголуп, аялча ажылдаган эркек балдардын түркүмү пайда болду.

Коомубуз улуу идеяга, улуу тарбиячыга муктаж болуп турган учуру

Ар ким өз ордун билип, чогуусу менен бир бүтүн механизмдей болуп иштей турган кези келди. Совет бийлиги эл катары жоголуп кетпешибизди камсыз кылганы менен, улуттук баалуулуктарыбызды, ар-намысыбызды жоготууда чоң субмаданият боло алды. Ал эми эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы 20 жылдык чар-жайыттык кылым карыткан элибизди алты эмес, алтымыш түрдүү агымга бөлө турган болду. Ар бир мөөнөттө өтүлүүчү шайлоо компаниялары атаны балага, баланы атага каршы койду. Муну улуттук деградация дебегенде эмне дейбиз. Бир үй-бүлөдө бирдиктүү пикир болбогондон кийин, мамлекетте бирдиктүү идея болмок беле? Анан кайсы жеңге кол салып, кайсы жеңден колубуздун учун чыгарабыз. Башыбыз болсо жакага батпай тумчугуп калган. “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” дегендей убакыттын өтүшү менен окутуунун, тарбиялоонун формалары менен ыкмалары да өзгөрдү. Салттуулуктүн, элдик педагогиканын кенчтерин жерип бараткандайбыз. “Критическое мышление” деген батыштык жаңы ыкмада сабак өтүү модага айланды. Анда окуучу оюна келген нерсени сүйлөй берсе болот. Мектептерде “Диндердин тарыхы” деген сабак болбогонунан улам, көр оокаттан пайда таба албай чындык издеген жаш муун ар кандай радикалдык-экстремисттик багыттагы агымдардын жемине айланып жатат. Буга алар күнөөлүүбү? Учурунда ыркы келишпеген ата-эненин кыжы-кужусунан тажаган, жүрөгүндөгү отту жандыра албаган коомдон, мамлекеттен көңүлү калган бала кайда барат? Сөзсүз туңгуюкка кептелет. Ошол себептүү урматтуу ата-эне, уул-кызыңыздар эл керегине жараган, эч болбосо башкаларга зыяны тийбеген, өз кара жанын тың баккан жарандардан болсун десеңиз, тай кезинде талкалап, кунанында кууратыңыз. Быштысында бышырып, асыйында асыраңыз. Эртеңки күндүн келечеги сиздин ага кылган мээнетиңизди даңазалап жүрсүн. Тарбия берүүдө, билим берүүдө андан эч нерсеңизди аябаңыз. Адам катары калыптанышы үчүн ага өбөлгө түзүңүз. Негизгиси – жүрөгүндөгү намыс отун тутандырыңыз. Ошондо уул-кызыңыздан Мекенине, эл-журтуна тизеси бүгүлгүчө кызмат кылган чыныгы ата уулун, эненин кызын көрө аласыз. Атага, энеге, Мекенге кызмат кылуу – бакыттын-бакыты эмей эмне?!

Түп нускага шилтеме : saresep.kg