Акыркы макалалар

Каракол шаарында көп кабаттуу үйлөр салынмакчы

Каракол шаарынын башкы архитектору Эржигит Айдаралиевдин айтымында шаардагы «Кашка-Суу», «Восход», «Геология» кичи райондорунда жана Абдрахманов көчөсүндө буга чейин 4-5 кабаттуу үйлөр салынып, пайдаланууга берилген болсо, эми мында 9-12 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда.

Ал үчүн өткөн 3 жыл бою шаарды «деталдуу жайгаштыруу долбоору» иштелип чыгып, көп кабаттуу үйлөрдү курууну колго алуу планы даярдалган. Азыр ал план менен муниципалдык ишканалардын жетекчилери, коомчулуктун, коомдук бирикмелер менен уюмдардын өкүлдөрү, шаар кеңешинин депутаттар корпусу таанышып жатышат. Эгерде шаар кеңеши кезектеги сессияларында бул планды кабыл алууну колдоого алса, анда жакынкы эле келечекте 9-12 кабаттуу үйлөрдү куруу башталмакчы.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg