Акыркы макалалар

Жер алдындагы суу имаратты кантип жылытат?

Жер алдындагы суу имаратты кантип жылытат?

Борбордук Азиядагы Америка университетинин жаңы имараты жер алдындагы суу менен жылытылып атканын жазганбыз. Бул жылытуу системасын орнотууга кыргызстандык «ЭЛСИСТ» компаниясы да катышкан. Аталган ишкананын техникалык директору Советбек Назаралиев бул жаңылыкты бүткүл өлкөгө жайылтуу тууралуу айтып берди

Бул долбоор учурдагы электр энергияга, жылуулукка болгон тартыштыктан улам иштелип чыккан. Долбоорду америкалык фирма даярдаган. «ЭЛСИСТ» германиялык компания менен бирге бул жылытуу системаны орнотууга катышты. Жер алдындагы 10 даража жылуулуктагы суу жылуулук насосу аркылуу имараттын полундагы системага үйлөтүлөт. Бул жылуулук насосу 1 кВт электр кубатынан 5 кВт жылуулук чыгара алат. Ал сууну 50-60 даражага чейин ысытат. Полду ысытууга 40 градус ысык берилет. Эгер адатта колдонулган радиатор системасын койсок, эң төмөнү 70-80 даражадагы ысык берилиш керек болчу. Буга карабай, радиаторлор полго караганда бөлмөдө 20 даража төмөн жылуулукту камсыздай алмак. Натыйжада, ортодогу айырмачылыкты толтуруу үчүн кошумча жылыткычтар керек болмок.

Анткени менен электр кубатын үнөмдөө насостор менен гана чектелген жок. Мисалы, желдеткичтер имараттын ичиндеги абаны сыртка чыгарып жатканда өздөрү ысыйт. Ошол эле ысык имаратты жылытууга кетет. Бул да жакшы көрсөткүч.

Мындан сырткары университеттин ар бир бөлмөсүндө жылуулук ченегич (датчик) бар. Эгер бөлмө ысып баратса, ченегич бул аудиториянын полуна кирген ысык сууну бөгөп салат.

Жылуулук насосу жайдын күнү, тескерисинче, муздатуу үчүн колдонулат. Жайында имараттын ичиндеги ысып кеткен сууну насостор жер алдына айдап, жерден 10 даража муздак сууну бөлмөлөргө жеткирет. Бул аябай жакшы система. Америка университети Кыргызстанда ушул сыяктуу технологияларды колдонууда үлгү болду.

Адаттагы кондиционерден айырмасы – кондиционер сырттагы абаны жылытып, ич жакка берет. Эгер сырт минус 5тен төмөн болсо, иштебей калат. Ал эми бул система сырттагы абанын ысык же суук болгонунан көз каранды эмес.

Бул системага талап күчөп, мейманканалар сурап жатышат. Мейманкаларда дайыма эле бардык бөлмөлөр толо бербегендиктен, анын бир-эки кабатын гана жылуу кармап, калган жылуулукту келген кардарларга жараша бөлүштүрүүнүн жолдорун бизден сурап жатышат. Учурда мончолор менен иштешип жатабыз. Мончодо кышында да, жайында да көп ысык суу колдонулат. Ошондон улам күн энергиясы менен сууну бекер жылытуу боюнча иш алып баруудабыз.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg