Акыркы макалалар

Жумгал.Көк-Ой айылынын айрым тургундары ачкачылык кармап жатышат

Бүгүн 22-апрель менен Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында 40-ашык Көк-Ой айылынын тургундары мөөнөтсүз ачкачылык акциясын башташты. Бул тууралуу аталган жайда ачкачылык жарыялап башташкан айыл тургундарынын чоо жайын аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдирди.

Мөөнөтсүз акцияга чыгышкан айыл тургундары бийлике 2 талап менен кайрылышууда, 1-талабы болуп Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Ынтымак Өмүровдун убактылуу кызматтан бошотуу боюнча 10-апрель 2013-жылдагы №18 буйругун жокко чыгарып кызмат ордуна кайра коюп берүү болсо, 2-талаптары Өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлерин тез аранын ичинде тактап муктаж болгон жаш үй-бүлөлөргө калыстык менен ижарага мыйзам чегинде чечип берүүсү болгон.

«Биз азыр айыл тургундары дагы келип жатышат биз акыйкаттыкты талап кылабыз, биз азыр коюп жаткан талаптар ишке ашпаса биз Бишкеке ак үй алдына боз үй тигип ачкачылык акциябызды улантабыз» — дешет акциянын катышуучулары.

Эске салсак, айыл тургундары буга чейин айыл өкмөт башчысын убактылуу кызматтан четтетүү маселеси менен Жумгал райондук сотуна кайрылышканда сот 3 күнгө убакыт беришин айтып, ачкачылык акциясын токтото турууларын суранган. Азыркы учурда райондун соту райондун прокурорунун аныктамасынын негизинде жергиликтүү администрация башчысы чыгарган айыл өкмөтүн убактылуу кызматтан четтетүү буйругун күчүндө калтырган.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg