Акыркы макалалар

Нарын.“Биз 21 кылымдын интеллектуалдары” форуму жыйынтыкталды

19-апрелден башталган Нарында өтүп жаткан жаштардын эл аралык форуму жыйынтыкталды. Бул үч күнгө созулган форумда жаш ойлоп табуучуларындын сынагы да болуп өттү. Сынака Казакстан жана баардык облустан келген окуучулар өз эмгектерин калыстардын сынынан өткөрдү. Форумду балдардын “Алтын түйүн” республикалык инженердик-техникалык академиясы Билимминистирлиги менен биргеликте өткөрдү. Иш-чарага республиканын окумуштуулары, ойлоп табуучулары жана инженерлер менен педогогдор, Билим берүү жана илим министирлигинин кызматкерлери, Кыргыз патенттин, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик боюнча фонддун өкүлдөрү катышышты. Сынактын жыйынтыгы менен мыкты деп табылган жаш балдардын эмгектери боюнча номинациялар жана академиянын диломдору тапшырылды. Форумгажалпы 100дөн ашык окуучукатышып, аларга шаарды тааныштыруу жана маданий иш-чарлар каралган.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg