Акыркы макалалар

Кечикпеш үчүн эмне кылыш керек?

Кечикпеш үчүн эмне кылыш керек?

Учурда жашоонун агымыбы же турмуш ушуга алып бардыбы, кыскасы көп адамдар эч нерсеге жетишпей, убада кылган жерлерине кечигип калууда. Натыйжада кечиккен да, кечиктирген да, күткөн да, күттүргөн да ыңгайсыз абалда калып келет. Бирок бир нече жөнөкөй эрежелерди сактоо менен өзүбүздү бардык ишти убагында кылууга тарбияласак болот

Жуунуш керек болсо мончого, же душка кечинде кирип чыгуу абзел. Бул эртең мененки убакытты бир топ үнөмдөйт;

Көбүбүз, өзгөчө айымдар, жумушка кетип баратканда гана “Ии кайсы кийимди кием? Чачымды кандай тарайм?” деп бушайман болобуз. Натыйжада, эртең менен ойлонууга эле эң аз дегенде 15 мүнөт кетет. Ошол себептен кечинде эле эртең кийилчү кийимиңизди даярдап, чач жасалгаңызды ойлонуп коюшуңуз керек;

Эртең менен кофе же чай ичем дегендер термоско ысык суу куюп кечинде эле даярдап коюш керек. Жумушка тамак алып бара турган болсоңуз, анда кечки тамактан атайын контейнер идишке куюп баштыкчага салып коюңуз. Муну менен сиз тез тамактануучу жерлерден күмөндүү тамак сатып албайсыз жана акчаңызды да үнөмдөйсүз;

Көптөрүбүз кечинде сумкабыздан иш кагаздарын же болбосо блокнотторду алып чыгып колдонобуз. Аларды кайра сумкабызга салбай калабыз. Эртең менен шашканда керектүү иш кагаздарын унутуп коюшубуз ыктымал. Ошондуктан сумканы кечинде даярдап, текшерген соң гана уйкуга камынуу керек;

Эркектер өсүп кеткен сакал муруттарын эртең мененкиге калтырышат. Сакал мурутуңузду кечкисин алганда же тегиздегенде сиз убактыңызды гана үнөмдөбөстөн, бетиңизге чыкчу ар кандай жара жана кычыштырган ооруулардын да алдын аласыз;

Кечинде эртең менен кийилчү бут кийимди жууп, кургатып, майлап коюу керек. Муну кечинде жасабасаңыз, эртең менен шашып жүрүп боз ала кылып эптеп-септеп сүртөсүз да, кечке чейин кыжалат болуп жүрө бересиз

Ал эми кечинде жуунуп, кийимиңизди даярдап, чач жасалгаңызды ойлонуп, термоско чай куюп, тамакты контейнерге салып, сумкаңызды дайындап, сакал-мурутту алып жатсаңыз, эртең мененки убакыттын бир тобу үнөмдөлөт. Булардын баары даяр болсо эртең менен жакшы маанай менен шашпай туруп көнүгүү жасап, даярдалган кийимиңизди кийип, төшөгүңүздү жыйнап, тамактанып алып жумушка убагында жетишесиз.

Эксперттен кеңеш

Эң биринчи даярдалчу нерсе - сумка, капчык, ачкычты кире беришке коюу керек. Кечинде кеч жаткан болбойт. Аткени эртең менен турганда уйкудан кыйналасыз. Жок дегенде 5-8 саат укташ керек. Электроникалык жабдыктарды алыс коюп жаткан жакшы болот. Себеби телефон, зарядка ж.б сыяктуулар адамдын энергиясын алат. Ал эми уктаардан бир саат мурун телефонду өчүрүп, китеп окуп уктаса, эртең менен мээ сергек болот.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg