Акыркы макалалар

Нарында айрым айылдардын окуучулары мугалимдерден тажап, башка жакка кетишүүдө-өкүл А.Кайыпов

Нарын облусунун айрым мектептеринде 15-20 жылдан бери деректирлик кылгандан улам окуучулардын билим деңгээли төмөндөп жаткандыгы облустук атайын олтурумда белгиленди.

-Биз 10 жылдан ашык бир мектепте деректир болуп, анан ошол мектепти менчиктеп алгандарды аныктагыла дегенбиз. Албетте айрым бир гана деректирлер, узак иштегендиктери менен алгылыктуу иш аткарып жатышат. Көпчүлүгү болсо эптеп кирип чыгып, баш кийимин илип койгонго көнүшкөн. А балдардын убалдары кимге, ия. Мына менде кайсы бир айылдардын балдары мугалимдерден тажап, бул мектептен билим албай калдык дешип башка айылдардагы туугандарына барып окуй баштагандыктары тууралуу маалымат бар,-деген облус жетекчиси Аманбай Кайыпов. Алар кайсы мектептер экендигин ачыктаган жок.

Бирок Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектептин деректири соңку жылдарда эле 3 жолу алмаштырылгандыгы, Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы мектепте жаатташуу келип чыккандыгы айтылды.

-Чындыгында менин мүмкүнчүлүгүм жетпей калды. Деректирдин үстүнөн арыз болсо, ал окуу бөлүм башчысын прокуратурага берүүдө,-деген жүйөөсүн келтирди Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Дүйшөнбек Дөөткулов.

-Силер жана райондук акимчилик эмнени карап жатасыңар. Ошондой ич ара чырдашкан жерде, анан кайдагы билим сапаты болот,-деген өкүл А.Кайыпов акимчиликке тез арада тартипти киргизүү тапшырмасын койду.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg