Акыркы макалалар

Нарын.”Биз 21 кылымдын интеллектуалдары” аталыштагы форуму башталды

Бүгүн 19-апрелде Нарында Балдардын “Алтын түйүн” республикалык инженердик-техникалык академиясы Билим министирлиги менен биргеликте жаштардын эл аралык форуму өтүп жатат. Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында республиканын көрүнүктүү окумуштуулары, ойлоп табуучулары жана инженерлер менен педогогдор, Билим берүү жана илим министирлигинин кызматкерлери, Кыргызпатенттин, Мамлекеттик интелектуалдык менчик боюнча фондун өкулдөрү катышышты. Форумга Казакстан менен Россиянын жана баардык облустан окуучулар келишкен. Форумдун алкагында жаш ойлоп табуучулардын конкурсу өткөрүлөт. Конкурска окуучулар өздөрү жазаган инженердик буюмдарын көргөзүп, калыстардын сынынан өтөт.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg