Акыркы макалалар

Таластын Арчагул айылында биринчи мугалим Дүйшөндүн эстелиги ачылды

Талас облусундагы Кара-Буура районунун Арчагул айылында 12-декабрь күнү 192 орундуу Дүйшөн атындагы жаңы орто мектеп республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 69 млн сомго курулуп, пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Данияр Жумабеков билдирди. Дүйнөлүк улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги башкы каарман Дүйшөндүн ысмы берилип, 300гө жакын окуучу билим ала турган бул мектепке жаңы окуу мебелдери, ашкана эмеректери алынып келинип, окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары аталган мектеп Бүткүл Дүйнөлүк Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын “Мектептеги тамак-аш программасын оптималдаштыруу” долбооруна кирип, иш алып барууда. Ушул эле күнү Дүйшөндүн мектебинин алдына биринчи мугалим Дүйшөн Качканаковдун эстелиги ачылды.

Жаңы мектептин жана Дүйшөндүн эстелигинин ачылыш аземинде сүйлөгөн облус жетекчиси Байышбек Жуманазаровдун айтымында Шекер айылына коңшулаш жайгашкан Арчагул айылында чынында эле Дүйшөн аттуу мугалим болуп, бирок ал повестте айтылгандай Дүйшөн Таштанбек уулу эмес, Дүйшөн Качканаков экен. Анткени Качканактын бир тууганы Таштанбек Дүйшөндү багып алгандыктан чыгармада ошондой айтылып калган. Кызыгы Дүйшөн агай менен Чынгыз Айтматов тааныш болуп, кесиптеш да болгон экен. Кезинде Чынгыз Айтматов Арчагулда орус тилинен сабак берип, Дүйшөн агай менен тааныш болуп, көп пикир алышат. Ошол катаал мезгилде өз күчү менен балдарга билим бергиси келген адамдын ынтаасы, жигери жазуучуну абдан таасирлентсе керек. Натыйжада баарыбыз сүйгөн “Биринчи мугалим” повести жаралат. Ооба, аталган повесть көркөм чыгарма катары кабыл алынган менен анын реалдуу чындыгы да бар-дейт Б. Жуманазаров.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg