Акыркы макалалар

Чоң-Кызыл-Суу айлында 100 тоннадай нефрит асыл ташы табылды

Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айлындагы сайдан болжол менен 100 тоннага барабар нефрит асыл ташы табылды.

Айыл тургундарынын айткандарына караганда, ал нефрит ташын кимдир бирөөлөр тымызын алып кетүү айла-амалдарын издешкен. Кубаттуу техника менен тартып кетүүгө күч жумшашкан. Бирок айылдагы жаштар күн-түн кезек менен баасы миллиондогон сом турган нефрит ташын кайтарышууда. Айыл тургундары мындай байлыкты мамлекеттик деңгээлде соодалап, андан түшкөн каражатка балдар бакчасын салып, жолдорду оңдоп жана башка да социалдык-маданий жайларды курууну пландап жатышат. Ал эми Кыргыз Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов нефриттин пайдасын облустун жолун оңдоттуруу аркылуу көрөөрүн маалымат каражаттары аркылуу элге жайды. Кыскасы, учурда нефриттин баасы алдын-ала бычылып, алтын балык кармагандай маанай менен таң атып, кеч кирип жатышканын айыл тургандары белгилешти.ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ, 19.04.2013, №15