Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык- Көлдө ажырашуулар азайды

Областа 9 ай ичинде 124 үй бүлөө ажырашып кеткен. Мындай көрсөткүч 2011 жылдыкына салыштырмалуу 13 кө аз. Бул туралуу областык жарандардын абалынын актыларын таттоо бөлүмүнүн жетекчиси Наталья Джаманкеева билдирди.

Анын айтымында былтыркы тогуз ай ичинде 137 үй- бүлөө ажырашкан. «Бул үй-бүлөлөр ажырашты деген соттун чечимин чыгартып келишкендер. Биз эмнеге ажырашканын сураганыбызда көбүнчөсү пикирибиз келишпей калды деп жооп беришет»-дейт Н. Джаманкеева.

Ал эми баш кошкондордун саны 9- ай ичинде 399 үй бүлөөгө жетип, былтыркыга салыштырмалуу 51 үй- бүлөгө көп.