Акыркы макалалар

Нарын.Нарында Батукаевдин СИЗО-4төн чыккандыгына байлануштуу нааразычылык акция өтүп жатат

Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтына 4-5 адам чыгып “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин СИЗОдон бошотулгандыгына байланыштуу мөөнөтсүз акция башташты. Акцияны Апрель баатырлары Бактыгүл Жумабаева жана Канайым Бердибаев уюштуруп жатат. Алар “Кылмышкердин атасы А.Батукаев чыккандыгына байланыштуу, Нариман Түлеев,С.Жапаров жана башкалар түрмөдөн чыксын”, “Тоок уурдгандар чыксын” деген жазуулар менен турушат. Уюштуручунун бири Бактыгүл Жумабаева “ шайлоо учурунда бийликтегилер мыйзамдагы ууруларды, кылмышкерлерди жана криминалдарды жоготобуз, тыябыз дешкен бирок, алар өздөрү аралашып А.Батукаевди барктап чыгарып ийишти. Бийликтин бул кылыгына элдин баары нааразы болуп жатат. Бизди колдогондор көп, жалган жалаа менен түрмөдө отургандардын ата-энелери да келип кошулушат. Керек болсо биз талаптарыбыз жазылган плакаттарды көтөрүп СИЗОго чейин жүрүш кылабыз. Кургак учук менен ооругандар толтура” ,-дейт Б. Жумабаева.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg