Акыркы макалалар

"Параграф". Ак иштегендер Ак үйгө жакпайбы?

"Параграф". Ак иштегендер Ак үйгө жакпайбы?

Ооба, жаңы бийлик ишке киришкени Атамбаев бийликтин бийик секиси болгон ажолук такка келгенге чейинки кесиптештеринин бир тобун иштен айдаганга жетишти. Буга мисал катары Келдибеков, жандай жакын жолдошу Бабановду иштен алып тынган. Анан эле жылан чакпай, жылкы теппей Рысалиевди кызматтан алганы чынында эле абдан одоно болуп калды сыяктанат. Иштин көзүн билген жигиттерге тийишпей деле койсо болмок. Чынында Зарылбек мырза кыйын кезеңде иштин көзүн таап, алгылыктуу иштерди жасаганын жаамы журт жакшы билет. Керектүү учурда иш билги адамдарды пайдаланып, төө ашуудан өткөн соң, кышта кийип, жазда ыргыткан кол капка окшотуп, өз билгенин кылган бул эл эгесине жарашпаган иш экенин танып болбойт. Айткандай, кээ бир имиштерге таянсак, Рысалиевди иштен айдаганына, арттагы былыктардын жарыкка чыгып калышынан сестенгени деген сымал кептер эл арасында күбүр-шыбыр болуп айтылып жатат. Анткени, Рысалиев көп иштердин бетин ачаарына көздөрү жетип, иштен алганын жашырганда эмне. Кээ бир такталбаган маалыматтарга таянсак “Ж.Сатыбалдиевдин мойнунда учурда үч кылмыш иши илинип турат. Эгер Рысалиев иштен кетпегенде, дагы бир кылмыш ишинин бети ачылышы толук мүмкүн болчу” дейт, серепчилер. Анткени, Нурлан Сулаймановго карата козголгон иштин аягы Жантөрө мырзага барып такалмак экен. Ошол себептен оозуна чөп албаган Шамил мырзаны Рысалиевдин ордуна коюп, эч ким эч нерсе билбейт деген илгери үмүттө учурда өкмөттү башкарып турган кези. Эгер жүрөгү ак, иштин көзүн билген жигиттерге бут тосула берсе, анда жакында “Кыргызстан оңолот” деп айтуу абдан опурталдуу.

Убагында, ажо Атамбаев ишке жаңы кирип, жүрөгү ак кезде, атайын Рысалиевди өзүнө чакырып алып “Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуулуктардын бетин ачып, таза иштеп бер. Мен сени беш жыл иштен албайм” дегени боюнча, аттуу-баштуу адамдардын арасында айтылып жүрөт. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, бул сөз ооздон чыкпаса, айтылбайт эле. Эгер Атамбаев ажо башы менен айткан сөзүн танса, анда биз кимге ишенебиз.

Биз бул жерден Рысалиевдин таламын талашкандан алыспыз. Болгону көзгө уруна турган иштерди жасап, эл оозуна алынып, куру сөз менен эмес, жасаган иши менен Зарылбек мырзанын иш билгилигин гана коргоп жатканыбыз. Кечээ Ташиев Ак үйдү ала коем деген далалатында дагы Зарылбек мырза алдыңкы катарда болуп, Ак үйдү сактап калганы жалганбы? Эки жылдык иш учурунда, канчалаган уюшкан кылмыштардын бетин ачып, уюшкан кылмыштуу топтун бир топ мүчөлөрүн кылтакка илди. Эч тайманбай агынан жарылып, “атамекенчилердин” талап-тонгондорун ачыкка чыгарды. Ал турсун өмүрүнө зыян келтире тургандарды тик карады. Учурда кара ишке аралашып, арам акчага туйтунгандардын чырагына май таамп, сайрандоо дооруна кадам таштоого даярданып, керек болсо Рысалиевдин артынан аңдып, атып кеткенден кайра тартпай турган кези. Акты ак, караны кара дешке убакыт келип жетти. Качанкыга чейин акчалуунун сөзүн сүйлөп, калыстыктан таябыз. Адилет көз жүгүртсөк Зарылбек мырза гана таза иштегендей элес берет. Эгер акчага алдангандардын катарын толуктаган болсо, Урмат Барктабасов сунуштагандай миллиондорду алып, көп иштерге көз жуумп деле коймок. Учурда ар бир бийлик секисиндегилердин баскан кадамы, элдин көз алдында. Бирок, кыргыз бийлигинде 20 жылдан бери жүрөгү ак ишке берилгендерди аттырып же жалган жалаа менен каматып салган өнөкөт ишке айланбадыбы. Атамбаевдин адилеттиктен тайып жатканына тегерегиндеги билермандардын салымы күч болуп жатса керек деген ой туулат. Дегенибиз, иштин көзүн билгендерге азырынча тийишпей коё турса болбойт беле аттиң. Акаев, Бакиев да кадр тандагандан адашкан болчу. Мурдакы көчтү ээрчип, Атамбаев дагы кадр тандагандан адашып жаткан өңдүү. Ушундан улам, эли-жери үчүн жан-дили менен ак иштейм деген адам Ак үйгө жакпайт экен деген ойго келдик.