Акыркы макалалар

Нарын.Дубан башчысына сөгүш берилип, акимдер кызматтан бошотулду

Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында бир катар кызматкерлерге сөгүш берилип, айрымдары иштен четтетилди. Ага ылайык Нарындан өкмөттүн облусдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбековго, анын орун басары Чынара Абдаймакуновага сөгүш берилди. Буйрукка ылайык: Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейтек Кулубаев, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Илич Максутов кызматтан бошотулду. Бул боюнча буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 13-апрель күнү кол койду.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg