Акыркы макалалар

Кадыр Маликов: «Мусулмандар бири-бирин каапыр дебесин»

Кадыр Маликов: «Мусулмандар бири-бирин каапыр дебесин»

Белгилүү коомдук жана диний ишмер Кадыр Маликов бейтапканадан берген маегинде ага кол салуунун жагдайлары жана динчил канкорлор менен кандай күрөшүү керектиги тууралуу кеп салды

- Кылмышкерлер сизге кол салууга даярдык көрүшкөн сыяктуу...

- Ооба, алар катуу даярданышыптыр. Буга чейин да алардын аракеттери билинген. Мен Бишкекте Ирак жана Шам Ислам Мамлекети делген топтун бир эле уюму бар го деп ойлогом. Жайында Рамазан айында мени аңдышкан болчу. Орозо айттын алдында Бишкектин Горький көчөсүндө алар жок кылынган соң, анча камтама болбой калгам. Учурда Кыргызстанда ИШИМди жактаган чакан топтордон турган желе бар. Бул топтордун бири-бири менен байланышы жок. Ар бири өзүнчө сырттан башкарылат. Алар буйрутма менен тиешелүү адамдарды аң уулагандай аңдып жүрүшөт.

- Булар Сауд Аравияда расмий багыт катары таанылган салафияны жактагандарбы?

- Жок. Булар салафиядан чыккан, аларды биринчи душман катары көргөн өзүнчө топ. ИШИМдегилер өздөрүн салафитмин деп эсептешет. Бирок салафия ишениминдегилер (абалкы мусулманчылыкты кармангандарбыз дегендер – ред.) аларды каапыр дешет.

- Салафмын дегендердин арасында ИШИМди жактагандар канча пайыз?

- Так айтуу кыйын. Кээ бир такталбаган маалыматтар боюнча Бишкекте эле ИШИМдин 17 тобу бар дешет. Мени менен болгон окуяны, албетте кудайдан деп билем. Мамлекет бул көйгөйдү көңүлдүн чордонуна койсун деген ишарат бул. Мени эң биринчилерден болуп азирети муфтий зыярат кылды. Анан Чубак ажы Жалилов, Абдышүкүр Нарматов агай келип кетишти. Мен аларга бардык мусулман аалымдары менен алардын аркасында турган жактоочулары биригишибиз керек дедим. Муфтият ИШИМ боюнча так пикирин жарыя кылуусу керек.

- Өкүнүчтүүсү муфтият азыркыга чейин Орусияда террорчул деп таанылган бул топ боюнча оюн билдире элек.

- Мусулмандардын Уламалар кеңеши бардык жамааттарды жыйнаса жакшы болот. Салафия багытындагылардын орток пикирге келе алчуларын да чакыруу керек. Ал курултайда майда-чүйдө маселелер тууралуу талашып-тартыша бербей биригүүсү керек. Мен зыяратка келгендердин баарына «Жок дегенде ушул маселеде бир пикирде бололу» десем, макул болуп атышат. Ал чогулушта пикирлерин коркпой айтуулары үчүн мамлекеттен диний аалымдарды коргоого алуусун суранышыбыз керек. Эң негизгиси, ал жерде мусулмандар бири-бирин каапыр дебеши керектигин макулдашуу зарыл. «Ооба, бизде матрудилик ишеним, силердики тахавия боло берсин», - деп, бул айырмачылыктар каапырлык эмес экенине биригишибиз зарыл. Аалымдар өздөрү да, алардын шакирттери да каапыр деген сөздү колдонбосун.

- Сизге кол салгандар учакка билетти алдын-ала камдап алышкан окшойт.

- Ооба, алар мени жок кылып туруп, Алматы аркылуу Түркияга учмакчы болушкан. Аларды кечээ Газиантеп деген шаардын автовокзалынан, Сирияга аттанып жаткан жеринен кармашты. Ал жер чек арадан 60, Алеппо шаарынан болсо 100 эле чакырым аралыкта.

- Алар адамдар жүргөн жерден кантип кол салууга батынышты?

- Мен мурун айтканымдай эле машинамды Асанбай кичи районундагы «Народныйдын» жанындагы унаа жайына койгом. Алар өздөрүнүн унаасы менен меникин тосуп салышыптыр. Мен алардан машиналарын алып коюуну сурандым. Ичинде отурган бала айдоочу жоктугун айтып, «Сиз айдай алсаңыз өзүңүз жылдырып койбойсузбу, сураныч, мен айдай албайм» деп атпайбы. Мен макул болуп, айдоочунун ордуна отуруп, колумду рулга койгондо жашынып турган айдоочу чоочун бирөө кейиптенип мен тараптагы эшикти тосту. Бетине медициналык маска тагып алыптыр. Ошентип экөөнүн ортосунда калдым. Маска тагынганы «Байке, сиздин машинеде чылым тутандыргыч барбы?», - деди. Мен «Бул менин унаам эмес, ордунан эле жылдырып атам» дегиче эле ал электрошокер менен моюнга, көз тарапка урдура баштады. Мен жанталаша коргонуп, катуу каршылык кылып баштаганда 20-25 сантиметрлик бычак менен моюнду көздөй сайгылап башташты. Кудай жалгап, курткамдын жакасы тик болгондуктан алардын соккусу моюнга жетпей калды эле, алар бет талаштыра сайгылап киришти. Бир заматта бетке төрт жолу бычак уруп жибергенге үлгүрүштү. Алар үндөрүн бир аз чыгарып «Аллах акбар, муртад (динбезер - ред.)» деп башташканда, мен да болгон үнүм менен «Аллах акбар» деп кыйкырып баштадым. Болгон күчүмдү жыйнап, машинадан жулунуп чыгып, кичи базар тарапка жүгүрдүм. Ошондо бирөөсү уялбай: «Байке, сизге эмне болду? Жай эле сүйлөшүп алалы дебедик беле», - деп аркаман бир нече метр жүгүрүп келип калып калды. Адамдар башында эмне болуп жатканын деле түшүнүшкөн жок. Анан кичи базардын жанына алсырап жыгылып калдым. Кудай жалгап бычак моюндагы күрөө тамырга бир эли жетпей калган.

- Биздин балдар кантип ушундай мыкаачыга айланды?

- Биз аябай кеч калыппыз. Мусулмандардын арасында ээн баштык артып баратат. ИШИМге байланып калгандарды урушкандан пайда жок. Алардын пикирине сугарылып калгандан кийин баары бир бизди укпайт. Мамлекет жана коомчулук калган жаштардын динге болгон кызыгуусун канааттандыруусу керек. Биз убактыбызды бош эле өткөрүп жибериппиз. Жаштардын арасында абройлуу диний лидерлер жетишсиз болуп турат. Күн-түн дебей жаштарыбыз үчүн радикалдар менен күрөшүүбүз керек.

- ИШИМчилер интернетте көбүрөөк иштеп жатышабы же мечиттердеби?

- Бардык жерде ыкчам иштеп жатышат. Тааныштар аркылуу, интернет аркылуу. Деги эле билинип калбаш үчүн мечиттин ичинде эмес, сыртында туруп иштешүүдө. Бириндеген кишилерге аста-астадан аракет кылып жатышат.

- Алар кайсыл кайрылууңуздан улам сизди бута кылып алышты?

- ИШИМчилер борборубуз деп эсептеген Сириянын Ракка шаарынан кабар күтүшөт. Быйылкы жайдын башында мени менен Казахстандагы бир адамга өлүм өкүмү берилген. Менин билишимче, казакстандык Ринат Греческий деген салафия багытынын аалымына «кандай болбосун жок кылынсын» деген буйрук болгон. Эгер биринчи топ бул буйрукту ишке ашыра албай калса, анда башкасы аракет кылып баштайт.

- Эми сизди милиция кайтармай болдубу?

- Мен суранып атам. Керектүү жерлерге жаныдма дайыма бирөө жүрсүн деп кат жолдойм го. Жеке кайтаруу агенттиктердин кызматы кымбат. Таанышым бар, балким арзаныраак сүйлөшүп берет.

- Маегиңиз үчүн рахмат. Эртерээк сакайып кетиңиз.

Коомчулукка маалым болгондой, ИШИМдин террордук аракеттери эң биринчи кезекте маалымат айдыңында эң жогорку натыйжа бергендей кылып пландалат. Кыргызстанда гана эмес КМШ өлкөлөрүнүн баарына таанымал орус тилдүү аалым бул жолу бекеринен тандалган эмес чыгар. Россиянын президенти Владимир Путин айткандай «ислам аалымдары террорчулук менен салгылашуунун алдыңкы катарында жана алар эң чоң жоготууларга учурап келет». Кудай жалгап Кадыр Маликов канкорлордун колунан кутулуп кетти. Мамлекет ИШИМчилерге ачык каршы чыгып жаткан аалымдарды милиция жетишпесе да, жеке жан сакчыларга акча төлөп коргоосу керек. Мусулмандар болсо тез арада биригип, өкмөтүбүздү колдоого алып, өлкөбүзгө жардамдашуусу зарыл. Борборунан исламга ачык каршы сүйлөгөндөрдү эмес Кыргызстандын эң күчтүү орус тилдүү аалымын жок кылуу буйругу келгенине караганда, Обама, Путин сыяктуу дүйнө лидерлери айткандай ИШИМди жетектегендер мусулман деле эмес окшойт.

К.Маликовго кол салууга шектелгендердин баары кармалды

ИИМ, УКМК жана Түркия полициясы биргелешип дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандарды жана ага жардам бергендерди кармады.

Бул окуя боюнча милициянын 10-башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов кылмышкерлердин аракеттерин төмөнкүчө маалымдады:

- Ыкчам маалыматтар боюнча, кылмышты эки адам ишке ашырып, экөө ага жардам беришкен. Жардам бергендердин үйлөрүнөн диний адабият, кыргызстандык жана чет өлкөлүк уюлдук операторлордун сим-карталары, бычак жана октор табылган. Алар кылмышка олуттуу даярданышкан. Электрондук учак билеттерин алдын ала алышкан. Окуядан кийин кечки ондо Казакстанга өтүшкөн. Андан ары Алматы шаарына барып, анан Стамбулга учуп кетишкен. Ошондон кийин Интерпол ишке кирген.

Интерполдун жергиликтүү өкүлү Таалайбек Сарымсаков болсо бул тууралуу мындай маалымат берди:

- Бизде 2009-жылы ратификацияланган эл аралык кылмыш-укуктук жардам боюнча келишим бар. Издөөдөгүлөр ошонун негизинде кармалды. Учурда аларды алып келүү иштери жүрүүдө. 29-ноябрда атайын ыкчам топ экстрадицияны ишке ашыруу үчүн кетишти.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg