Акыркы макалалар

Көчөттөр таратылууда

Айылдарды жашылдандыруу максатында АРИC эл аралык уюму менен Көк-Жар айыл өкмөтү келишим түзүп, Ак-Талаа райондук токой чарбасынан 13 миң түп калемче алынып келинип отургузулган. Аны айылдын тургуну Замир Өмүралиев, КачкынОрозоев экөө айланасын тосуп, багуу милдетин алышкан. Көчөттөр жакшы өсүп, быйыл элге таратылып берилүүдө.

- Келишимде 13 миң калемчени бир эле жерге тигип, парк кылмакпыз. Кайра келишимибиз бузулуп, элге таратууга туура келди. Андан өткөн жылы төрт миңдей таратканбыз. Көк-Жар, Ак-Кыя айылынын тургундарына элүүдөн көчөттү, мектепке, мечитке 100-150дөн көчөттү бекер бердик. Эми быйыл бир баш көчөттү жети сомдон сатып жатабыз. Андан сырткары келишим түзүп, жаңы ысым берилип жаткан көчөлөргө айыл өкмөтү аркылуу 1000ден түп көчөт берсекпи деген ойлор болуп жатат-дейт Замир Өмүралиев.