Акыркы макалалар

МУКК “Хизб ут-Тахрирдин” чагымчыл мүчөлөрүн кармады

Кыргызстандын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети диний-чагымчылдыкка каршы аракеттер боюнча иш-чаралардын алкагында Бишкекте жана Чүй облусунда “Хизб ут-Тахрир” диний чагымчыл уюмунун ишин токтотту.

МУККнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдиргендей, аталган уюмчанын мүчөлөрү жаштарды аталган чагымчыл уюмдун катарына кирүүсүн зордоо менен анын радикалдык идеологиясын активдүү жайылтуу менен алектенип келишкен.

Тинтүү жүргүзгөндө чагымчыл адабияттын 600 дөн ашык нускасы, ошондой эле чагымчыл идеялар камтылган флеш-карта, ДВД дисктер, планшеттер табылып, алынган.

Иш-чара жүргүзүүдө КРнын 2, Россия Федерациясынын 1 жараны кармалып, аларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg