Акыркы макалалар

МУКК: К.Маликовго кол салгандар Түркияга качып кетишкен

МУКК: К.Маликовго кол салгандар Түркияга качып кетишкен

Белгилүү теолог Кадыр Маликовго кол салууга шектүү эки жаран Түркияга качып кетишкен. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, МУКК жана ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө белгилүү теолог К.Маликовго кол салууга “Ислам мамлекетинин” тарапташтарынын катышы бар экени белгилүү болду.

Атап айтканда, К.Маликовго топтук кол салуу болгон, анын курамында 1987-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну Тилек уулу Алибек жана 1986-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районунун жашоочусу Бейшеналиев Ырыскул болгон.

Алынган маалыматтарга караганда, жогоруда аты аталган жарандар 2015-жылы 27-ноябрда түндөсү кол салуудан кийин дароо Казакстандын аймагына чыгып кетишкен, андан кийин алар Түркияга учушкан. КР ИИМ кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө эл аралык издөө жарыялады.

КР ИИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө аталган кылмуштуу топтун башка эки көмөкчүлөрү “Б.Р.Н.” жана “Ш.А.А.” кармалды.

2015-жылы 29-ноябрда алардын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө чагымчыл мүнөздөгү бир топ адабияттар, атылбас курал-жарактар, ок-дарылар табылды.

Ошондой эле, Улуттук коопсуздук органы КР ИИМ менен бирдикте аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын участкалык милиционерин өлтүрүүгө катыштыгын текшерип жатат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg