Акыркы макалалар

Мукай Элебаев – көркөм сөз чебери

Мукай Элебаев – көркөм сөз чебери

Негедир “Үркүн” деген сөздү кулагым чалганда, Мукайдын классикалык “Бороондуу күнү” деген кичинекей аңгемеси эсиме түшүп, Зарлыктын образынан турмушка, келечекке оптимисттик көз караш менен кадам шилтеп кетип бараткан Мукай атабыздын жаркын элеси көз алдыма тартылат:

Кыска өмүргө кыскача маалымат

Профессионалдуу адабияттын мээнеткеч дың бузарларынын бири – Мукай Элебаев 1906-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Чоң-Таш айылында туулган. Мукай кыргыз элине калтырып кеткен көөнөрбөс мурастарын өзгөчө жылуу сезимдер менен эскере турган адамдардын бири. Мукайдын кыргыз-совет профессионал адабиятын түптөөдөгү салымы зор. Алгачкы кыргыз интелигенттериндей эле, Мукай Элебаев да карапайым элдин катарынан суурулуп чыккан билимдүү, чыгармачыл адам эле. 9 жашынан жетим калып, кара жандын айласын табыш үчүн ар кайсы байдын кызматын кылат. 1916-жылы үрккөн эл менен бирге Кытай жергесине качат. 1919-жылы Кытайдан аман-эсен кайтып келип, 1920-жылы бир аз убакыт Жылуу-Булак айлында ачылган “Жаңы окуу тартиби” деп аталган сабатсыздыкты жоюучу мектепте билим алган. 1921-жылы Прежевальск шаарындагы мектеп-интернатта тарбияланат. 1924-жылдан 1926-жылга чейин Түптөгү Айыл чарба ветеринардык техникумунда окуган. 1930-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумду ийгиликтүү аяктаган. 1924-жылы “Эркин-Тоонун” алгачкы сандарына анын “Зарыгам” деген ыры деген басылган. Бул ырда автор билимге суусаган кыргыз жаштарынын кыял-тилектерин, мүдөөлөрүн чагылдырган.

“Зарыгам”

Таңды-кеч ойлоп талыгам,

Талыкшып жаным тарыгам.

Амалым жок жол кыска,

Ойлонуп жатып зарыгам.

Канткенде табам амалын,

Көкүрөктө жаранын

Алыста окуу артык деп,

Угамын катуу кабарын.

Издеген окуу мен карып,

Эзилдим жатып саргарып.

Канат кагып жете албай,

Каламбы куру сандалып.

“Зарыгам” жарыкка чыгары менен Ала-Тоонун жылга-жыбытына чейин жетип, сабатын жоём деген кыргыз жаштарынын арасында жатка айтылып калган.

1928-жылы жарык көргөн “Биздин жаштар” деген ырында бир кездеги көчүп-конуп жүргөн элдин, кедей-кембагалдардын балдарынын Москва, Ташкен, Алматы шаарларында окуп жүргөнүнө сүйүнгөнүн жашырган эмес.

“Узак жол”

Мукай Элебаев кыргыз акын-жазуучуларынын ичинен адабияттын бардык жанрларында калемин сынаган. Мукай - акын, прозаик, драматург, артист жана адабий сындын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Кыргыз адабиятында алгачкылардан болуп, реалисттик мүнөздөгү автобиографиялык “Узак жол” романын жазган. Бул роман “Зарлык”, “Кыйын кезең” аңгемелеринин уландысы болуп саналат. "Узак жол" романында Мукайдын өз башынан өткөргөн турмушу баяндалат:

“Туманга чулганган түнөрүңкү таңдын суук илеби уруп жаткан. Үркүп келген эл учу-кыйырсыз талаада быкылдашып, жайма-жай. Капыстан арка жактан атылган замбирек үнү жаңырды. Кишилер алдыга умтулушту, бирок чек арачылар жаадырган ок деңиздей толкуган элди артка сүрдү... Кишилер эки оттун ортосунда жандалбас ура баштады. Алар бир аз токтой калышып, кайрадан чек араны көздөй жөнөштү. Алга умтулган эл эч нерсени карабады. Мына алардын жолун албууттанган Музарт дарыясы тосту. Бул жерде не деген апаат, не деген кыргын болду дейсиң! Бир жерде бешигинен ажырабай аял сүзүп баратса, тигинде жүк-мүгү менен ат чөгүүдө, үчүнчүсүндө - өлүк жээкке сүрүлсө, төртүнчүсүндө чөгүп бараткан баланын артынан бакырган боюнча чал кетти, бешинчисинде – кимдир бирөө өлүктүн жанында ыйлап-сыктоодо... Бардыгын айтууга мүмкүн эмес”.

Бороондуу күндөн бир сүртүм

Кыргыз элинин башынан өткөн бул “улуу каргашаны” кыргыз жазуучуларынын кимиси гана жазбады. Улуу Уркүндүн жүз жылдыгын утурлай, мамлекеттик деңгээлде иш-чаралардын өтүлө тургандыгы, албетте ошол картинаны жан-терисинен өткөргөн кыргыздын алгачкы интелигенттеринин да бейнесине гүлчамбар коюу дегендикке жатат. Негедир үркүн деген сөздү кулагым чалганда, Мукайдын классикалык “Бороондуу күнү” деген кичинекей аңгемеси эсиме түшүп, Зарлыктын образынан турмушка, келечекке оптимисттик көз караш менен кадам шилтеп кетип бараткан Мукай атабыздын жаркын элеси көз алдыма тартылат:

“...- Ушул эле болот мага, - деп ирегеде жаткан бир кап тезектин жанына тердикти жая салдым. Жаздыгым ошол боло турган. Бут сунарга жер жок. Жанымда коломто. Жатканымдан кийин талпакты сүйрөп келип, үстүмө таштап койду да, кемпир: “Эртең бороон бастаганда кет. Жолдо куруп каларсың” – деди күңкүлдөп. От өчтү. Үй жер кепедей караңгы. Жымжырт. Тыштан гана улуган бороондун күчү менен илдибары кеткен жаман үзүк делпилдеп, уукту сабап турду... Эртеси бул үйдөн бир адам серпиле электе туруп алып, жолго түштүм...”

Урматтуу окурман, ушул кичинекей эле сүрөттөөдөн Мукайдын чыныгы сөз чебери болгонун баамдаган чыгарсыз

М. Элебаев кыргыз жазуучуларынын ичинен дүйнөлүк жана орус классикасын кыргыз тилине оодарып, которууну баштаган. Н. В. Гоголдун “Шинелин”, “Өлүк жандарынын” айрым бөлүктөрүн, Фурмановдун “Козголоңун” Л. Н. Толстойдун, А. С. Пушкиндин, С. Маршактын, Маяковскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Мукай профессионал

Башка акын-жазуучулардан айырмаланып, Мукай сөзгө өтө сараң болгон. Келечек-муунга таберик болуп кала турган чыгарманын деңгээли канчалык даражада бийик боло тургандыгын сезе билген. Ошол себептүү ал маанисиз жазган жок. Ар бир чыгармасына профессионалдуу мамиле жасаган. Калем акыны көбүрөөк алуу үчүн аракет кылбады. Жармач турмушта, шыбы жапыз, тар эки бөлмөдө гениалдуу чыгармаларын жаратты. Кийинчерээк Түгөлбай Сыдыкбеков Мукайды минтип эскерип жатканын бир телеберүүдөн көрүп калдым. Түгөлбай аксакал: “Биз Мукай Элебаев экөөбүз таяке-жээн болор элек. Жаш курагымдын көбү ошолордун үйүндө өттү. Түпкү бөлмөдө Мукаң кайталангыс чыгармаларын жазып жатса, ашкана катары колдунулган ылдыйкы бөлмөдө бала-бакыранын ызы-чуусу, жеңем жууган идиш-аяктардын калдырагынын күүсүндө мен да чыгармачылык менен алектенчү элем” – деп айтып жатпайбы. Ушунун өзү Мукайдын кандай шартта жашап, кандай чыгармаларды жазганынан кабар берет. Бул тууралуу эгемендүүлүк жылдарында жарык көргөн Мукайдын көбүнесе күндөлүктөрүнөн жыйналган “Жарыяланбаган чыгармалар” деген китебинен окуп алсаңыздар болот. Кандай болгон күндө да, Мукай жети атасынан бери адабият айдыңында бел чечпей жаза билген үй-бүлөдө туулгандай, төрөлгөндө эле адабият бешигинде термелгендей сезилет. Турмушту таанып билгени менен адабий чыгарманы жаратуудагы анын ыкмаларына, жөнөкөйдөн шумдуктууну жасап койгон чеберчилигине адабияттаануучулар бүгүнкү күндө таңкалышат да, суктанышат.

“Улуу марш”

Өмүрүнүн акыркы жылдарында Мукай Элебаев “Салам кат”, “Улуу марш” аттуу эки ыр жыйнагын жараткан. “Улуу марш” акындын патриоттуулук темасындагы ырлар жыйнагы. Кас душманга карата болгон өзүнүн ички сезимдерин билдирген. Ата журттун кулундарын кан күйгөн кармашка шыктандырган, жоокердик духун көтөрүү үчүн акындын жүрөк толтосун жарып чыккан бул ырынын поэтикалык да, патриоттулук күчү зор болгон.

Эркин кулдап, күңдөй жумшап бүлөсүн,

Нечен жылдар аккан тердин мөмөсүн.

Тартып алсам деген кара ниеттин,

Кордугуна кантип тирүү көнөсүң?

Улуу марш, улуу сынга,

Сал баарын эч аянба!

Эр жигит эми келди,

Сыналчу зор майданга!

Ушундай чыгарманы жараткан акын 1943-жылы фронтко аттанып кеткен. Калемине автоматты жолдош кылып, Ата Мекенди фашисттик баскынчылардан бошотуу учурунда да жоокерлерди жеңишке шыктандырган ырларды жазып жүрүп отурду. 1944-жылы 15-майда Мукай Элебаев кан күйгөн кармашта баатырларча курман болуп, сөөгү Псков облатындагы Лонова – Гора деген жердеги боордоштордун мүрзөсүнө коюлган.

Эл эскерип...

Мукай Элебаевдин туулган жери Түп районун Чоң-Таш айылында музейи бар. Түп районунун Талды-Суу орто мектебине Мукайдын наамы берилген. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы орто мектеп да Мукайдын ысымын татыктуу алып жүрөт. Республикабыздын көптөгөн көчөлөрүндө да Мукай Элебаев атындагы көчө деген такталар илинип турат. Түп районунун борбрдук китепканасы да М. Элебаевдин наамында. Муну мен аз жашаса да, маңыздуу жашап, аз жазса да маанилүү жазып өткөн Мукай атабыздын жаркын элесине болгон, кыргыз элинин урматтоосу, сыйы деп түшүнөмүн.

“Кыргыз адабиятында эч кимдикине окшобогон өзүнчө жолу бар, ташка-тамга баскандай изи бар, Каап, ушул адам согуш болбой, узагыраак жашаса дагы бир укмуштуу чыгарманы жазаар беле, элине ат көтөргүс кызмат кылып берер эле” деген арманы бар мукайчыларды да көргөнбүз. Канткен күндө да жакшысын өлүмгө кыйгысы келбей, өлүм периштеси жанын алып кеткен күндө да, артында бейишин тилеген кызырлуу кыргыз элибиз бар. Ата журттун мыкты уулдары менен ар качан сыймыктанабыз. Максатыбыз да ушундай шейит кеткен аталарыбыздын арбагын ыраазы кылуу. “Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” деген сөз жазганыбызга шайкеш келет окшойт.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg