Акыркы макалалар

Нарындагы БАУ келерки жылы алгачкы студенттерди кабыл алат

Учурда Нарын шаарында курулушу жүрүп жаткан Борбор Азия университети (БАУ) 2016-жылы студенттерди кабыл алууну баштайт. Бул тууралуу Ага Хан өнүктүрүү тармагынын (АХӨТ) Кыргызстандагы жетекчисинин орун басары Альтааф Хашам билдирди.

-Мен Нью-Йорктун, Түштүк Кореянын, Анкара шаарынын университеттерин көргөм. Ачыгын айтыш керек бул университет алардан жаман эмес, керек десе жакшы курулууда. Себеби курулуш эң алдыщкы технологиялар менен салынгандыгын көрдүк. Ошон үчүн ушундай дүйнөлүк деңгээлдеги университеттин курулуп жаткандыгы үчүн сыймыктанышыбыз керек-дейт Нарынга келген депутат Ч. Турсунбеков.

-Мамлекет тарабынан бардык маселелер чечилген. Бирок биз жактан дагы кандай жардам керек болсо, чечип беришибиз зарыл. Университеттин курулушуна кайдыгерлик болбош керек. Нарындыктар үчүн биринчи кызыкчылык болушу керек да. Бул жерде мыкты окуган мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын белгилүү бир бөлүгү үчүн мамлекет окуу акысын төлөп окуткандай акыбал түзүлүшү зарыл,-деп кошумчалады эл өкүлү.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg