Акыркы макалалар

Ибадат Мурзаибраимова-акимдин орун басары

Ибадат Мурзаибраимова-акимдин орун басары

КРнын премьер-министринин 2013-жылдын 11-мартындагы №86 буйругунун негизинде Мурзаибраимова Ибадат Бекмаматовна Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин орун басары болуп дайындалды.

И.Мурзаибраимова 1962-жылы 2-июнда Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1969-1979-жылдар аралыгында аталган айылдагы Совет орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы борбор калаабыздагы орус тили жана адабияты институтуна тапшырып, аны 1984-жылы ийгиликтүү аяктап, орус тили жана адабияты мугалими адстигине ээ болгон.

1984-жылы аймактагы «Кыргызстандын 60 жылдыгы» атындагы орто мектебинен адистиги боюнча эмгек чыйырын баштап, 1991-жылы «Ленин жолу» атындагы орто мектебине которулуп, 1994-2005-жылдар аралыгында аталган мектептин директору болгон.

Ал эми 2005-2007-жылдарда райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, жаштар саясаты боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматтарын аркалап келген.

2007-жылдын 6-мартынан аталган жаңы кызматка дайындалганга чейин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү иштеп келди.

/й-бүлөлүү. Жолдошу-Тиленбай Сатыбалдыев экөөнүн 4 баласы бар.