Акыркы макалалар

Googlе автопилоттук унааларын жолдордо жаш балдарды таанууга үйрөтүүдө

Googlе автопилоттук унааларын жолдордо жаш балдарды таанууга үйрөтүүдө

Google компаниясы өзүнүн автопилоттук унааларын жолдордо жаш балдарды таанууга үйрөтүп жатат. Бул тууралуу компаниянын расмий блогунда жарыяланды.

Маалым болгондой Google компаниясы иштеп чыккан айдоочусу жок унаалардын өзгөчөлүгү автоматтык түрдө өзүн өзү башкарганы менен айырмаланат. Анда адамдардан эч кандай аракет же башкаруу талап кылынбайт. Болгону команда берип койгон жетиштүү.

Ошондуктан компания өзү башкарылуучу унааларга жаш балдарды узактан таануу программасын кылдаттык менен иштөөдө. Буга карата компания кызматкерлери өздөрүнүн балдарын карнавалдык кийимдери менен алып келип, унаанын астынан чуркатып өткөргөн. Адистердин айтымында жаш балдардын аракеттери чоңдордукунан бир топ айырмаланат. Айрыкча майрамдарда бул маселе дагы курчуйт. Ошондуктан унаага алгач эле көчөдө жаш балдарды тезинен таанууну үйрөтүү керек.

Балдардын коопсуздугун камсыздоо Google компаниясынын автопилоттук унаа долбоорунун жашап кетүүсү үчүн маанилүү. Эгер муну ишке ашырса, анда компания бул жаатта ийгилик жаратып, унааларды колдонуу күндөлүк практикага жайылтылат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg